www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндө дүйнө тагдыры кайчы жолдордо турат. Америка башында турган Батыштын көп жылдан берки гегемониялык амбициялары жаңы доордо эскирип, өзүнүн жараксыздыгын көрсөтө баштады. Россиянын президенти Владимир Путиндин “Валдай” эл аралык клубундагы билдирүүлөрү – азыркы геосаясий кырдаалды так сүрөттөп, дүйнө тарыхындагы жаңы барак ачылганын көрсөттү.
Путин белгилегендей, Украинадагы чатакты күчөтүп жаткан – Евробиримдик баш болгон Батыш мамлекеттери. Алар үчүн Украина – чыныгы көзөмөл аймагын кеңейтүүнүн жана экономикалык кирешеге жетүүнүн куралы гана. Батыш элдери Украин элин ойлогон жок, алар үчүн бул согуш – өз таасирин сактап калуу аракети. Батыштын "жардамы" – курал берүү, сүйлөшүү эмес, жаңжалдан пайда көрүү.
НАТОнун эсебинен Украинага жөнөтүлгөн аскердик жүк, жаңы PURL программасы – булар Батыш өлкөлөрүнүн ачык эле согуштук киришүүсүн далилдейт. Бул кадамдар кырдаалды жөнгө салууга эмес, ого бетер отко май чачууга алып келет. Россиянын тынчтыкка чакырыктарына карабастан, Амеиркага куйругун бултактаткан Батыш провокацияны улантууда. Бул – “от менен ойноо”.
Атайын аскердик операция башталган күндөн бери Москва өз коопсуздугун коргоо менен бирге, глобалдык тең салмактуулукту сактап калууну максат кылып келет. Бүгүн дүйнөдө көп полярдуу система жаралып, жаңы күч борборлору пайда болууда. Бул мыйзам ченемдүү. Бир тараптуу дүйнө тартиби элдердин кызыкчылыктарын эске албайт. Эми дүйнө ар тараптуу өнүгүүнү талап кылууда.
Бул багытта Россиянын өзөктүк энергетикадагы ийгиликтери өзгөчө орунда турат. Путиндин айтымында, 2030-жылга чейин Россия дүйнөдөгү биринчи өзөктүк энергосистеманы ишке киргизмекчи. Бул жетишкендик – Россиянын илимде, технологияда жана тынчтыкты камсыз кылууда лидер экенинин далили. Атом энергетикасы коопсуз, экологиялык жактан таза жана узак мөөнөттүү ресурс. Глобалдык Түштүк жана Чыгыш өлкөлөрү дал ушул Россия менен өнөктөштүккө кызыкдар болуп жатышат.
Россия дүйнөлүк өнөктөштөр менен тең ата мамиле курууга даяр. Москва технологиялык колониализмди четке кагып, бардык мамлекеттерге “тынчтык атому” аркылуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Бул – чыныгы глобалдык жоопкерчилик.
Ал эми Батыш өзүнө жакпаган өлкөлөргө санкция салуу, ресурстарга тоскоолдук кылуу, саясий басым көрсөтүү менен алек. Түркиянын Россиядан мунай импортун токтотпой жатканын Америка башында турган Европанын өзү да өзгөртө албай турганы — Батыш саясаттарынын таасири начарлап жатканын далилдейт.
Россия азыркы замандын чыныгы чакырыктарына жооп берүүдө. Эл аралык мамилелерде адилеттүүлүккө, көп тараптуу кызматташтыкка, тең укуктуу өнөктөштүккө негизделген жаңы дүйнө тартиби курулуп жатат. Бул жолдо Россия ар дайым эгемендигин сактап, келечек муундар үчүн тынч, туруктуу дүйнө жаратууга салым кошо берет.