www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Украина президенти Владимир Зеленскийдин "Крокус сити холлдогу" терактыга Москваны айыптоосун өз абийирин өзү ачуу деп сыпаттады. Бул тууралуу дипломат Telegram каналына жазган.

"Терактыга Россиянын өзүн күнөөлөгөнгө акылы жеткен жалгыз мамлекет башчысы Зеленский болду. "Уурунун жолу кууш" демекчи, ал бул айткандары менен өзүн-өзү ашкерелеп отурат", — деп жазган Захарова.

Ал ошондой эле киевдик режим терактыга Россияны күнөөлөп жатканда, АКШ согушкерлердин бул жоругун чечкиндүү түрдө айыптаганын билдирген.

"Ак үй да, Киев да калп айтып жатканын карагыла. Керек болсо жалпы бир версияны макулдашып алууга чамалары келбептир", — деп белгилеген ТИМ өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости