www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөр Түркияда улантылышы мүмкүн, мындай мүмкүнчүлүктү четке кагууга болбойт. Бул тууралуу Анкарадагы дипломатиялык булак РИА Новостиге билдирди.

Москва менен Вашингтондун мамилелерин калыбына келтирүү процесси 18-февралда Эр-Рияд шаарында өткөн делегациялардын жолугушуусунан кийин башталган. Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты толук жандандыруу үчүн шарттарды түзүү, элчиликтердин ишине болгон чектөөлөрдү алып салуу жана Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу макулдашкан.

“Сүйлөшүүлөрдүн так датасы менен ордун аныктоо чечими бизге (Түркия тарапка – ред.) таандык эмес. Бул маселени түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларына берүү туура болот”, — деди агенттиктин маектеши.

РИА Новостинин Түркияда, өзгөчө Стамбулда сүйлөшүүлөр өтүшү мүмкүнбү деген тактоочу суроосуна жооп берип жатып, булак: “Эч нерсени четке кагууга болбойт”, — деп белгиледи.

Последние новости