www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн мигранттарынын абалы мыйзамдуу чечилди. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдагы ЕЭКтин кезексиз жыйынында коронавирус дартынын жайылышынын алдын алууга багытталган иш-чаралардын турмушка ашуусу тууралуу буйругу чыгып, анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ушундай чараларды ишке ашыруусу боюнча биргелешип координацияланган иш-аракеттери камтылган. 

"Тараптар коронавирус оорусунун жайылышына каршы тез чара көрүү максатында кабыл алынып жаткан иш-аракеттер жана улуттук ченемдик актылар боюнча ыкчам маалымат алмашуу, улуттук саламаттык сактоо мекемелеринин ишмердигин туруктуу координациялап жана калктын санитардык-эпидемиологиялык абалын камсыздоо боюнча келишимге жетишкен", - деп айтылат маалыматта.

Союздук мамлекеттердин өкмөттөрүнө өз ара жардам көрсөтүү анын ичинде эгер товарлардын тартыштыгы пайда болуп калса, бири-бирине гуманитардык, даректүү коммерциялык ташууларды аткаруу маселелерин иштеп чыгуу тапшырылган. Азыркы тапта бул иш жолго коюлуп калды. Зарыл товарларды ыкчам ташып келүү боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктары бар кызматкерлер да аныкталган.

"Азыркы жугуштуу дарттын таралуусунун алдын алуу боюнча кабыл алынган чаралардан улам пайда болгон катаал кырдаалда, ЕАЭБ мамлекеттеринин көп жумушчулары өз мекенине жете албай кыйын абалга дуушар болушкан. Бул маселени чечүү үчүн ЕАЭБ биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөттөрү, жарандар кайсы мамлекетте болсо, алардын укуктук абалын ошол жерде жөнгө салуу үчүн, бир катар чараларды кабыл алышкан", - деп айтылат маалыматта.

Тактап айтканда Россия Федерациясынын миграция тармагында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын Россияда мыйзамдуу жүрүшү боюнча убактылуу чаралар киргизилген. Ушундай чаралардын натыйжасында Россиянын ИИМ бөлүмдөрүнө барып канча убакыт болуу мөөнөтүн каттабай эле, миграциялык каттоого турбай, же убактылуу жашоого уруксат албай же жашоого уруксат берүүчү документи жок эле 2020-жылдын 15-сентябрына чейин мигранттардын Россияда болуусу автоматтык түрдө узартылды. 2020-жылдын 15-мартынан 15-сентябрына чейин Россиянын мыйзамдарын бузган ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарын депортация кылуу же административдик түрдө чыгарып жиберүү чечимдери кабыл алынбайт. Ал эми 15-мартка чейин депортациялоо же административдик түрдө чыгарып жиберүү чечимдери кийинкиге калтырылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости