www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кызматкерине карата күч колдонуу болгонун билдирди. Бул тууралуу маалымат мекеменин расмий сайтына кечээ, 3-августта жарыяланды.

Ага ылайык, 31-июлда белгисиз бир аял элчиликтин күзөт кызматкерине кол көтөрүп, мазактаган, чагымчыл мүнөздөгү бул окуя мекеменин видео көзөмөл камераларына далил катары тартылып калган.

Элчилик кызматкерлерине карата мындай кол салуулар буга чейин да катталып келгенин белгилеп, мыйзам бузгандар жоопко тартылышы ыктымалдыгын эскертти.

Дипломатиялык өкүлчүлүк 31-июлдагы окуя Москванын “Якиманка” ички иштер бөлүмүндө каттоого алынганын кошумчалады жана буга чейин «РЕН ТВ» каналы “элчиликтин кызматкери бир аялды сабады” деген маалыматы чындыкка дал келбесин белгиледи.

Элчиликтин 2019-жылдагы маалыматына караганда, Россияда 1 миллион 200 миң кыргызстандык бар, алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алган.

Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери туруктуу авиакаттамдар токтогондуктан мекенине кетүүгө жардам сурап, элчиликтин алдында топтолгондор көп болууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости