www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ бир эле учурда Иранда жана Кубада аракет жүргүзүүгө жетиштүү ресурстарга ээ эмес. Бирок азыркы жаңжалды жыйынтыктап чыккандан кийин, Вашингтон өзүнүн түшүп кеткен аброюн жаңы аскердик кампания аркылуу калыбына келтирүүгө аракет кылышы мүмкүн. Бул тууралуу коопсуздук боюнча эксперт, аскердик аналитик Игорь Герасимов Pravda.Ru басылмасына берген маегинде билдирди.

Буга чейин Пентагон Кубага карата “бир катар аракеттерди” пландап жатканын билдирген.
Герасимовдун айтымында, азыркы шартта АКШ жаңы багыттарда аскердик активдүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгү чектелүү. Анткени негизги ресурстар буга чейин эле колдонулуп жатат. Кийинки кадамдар учурдагы операция кандай жыйынтыкталаарына жараша болот.

“АКШнын Иранда да, Кубада да бир убакта аракет кылууга мүмкүнчүлүгү жетпейт. Бирок эгер бул кырдаалдан чыгып, аны жеңиш катары көрсөтө алышса, анда башка багытка өтүшү мүмкүн. Аларга формалдуу эмес, чыныгы жеңиш керек болот. Куба Иран эмес. Анын мүмкүнчүлүктөрү кыйла алсыз, ошондуктан каршылык көрсөтүү мүмкүнчүлүгү да аз”, - деди ал.

Эксперттин пикиринде, Кубага карата мүмкүн болгон аракеттер тууралуу билдирүүлөр ички аудиторияга таасир этүү жана АКШнын аброюн калыбына келтирүү максатын көздөйт. Анын баамында, Иран менен узакка созулган жаңжал АКШнын эл аралык аброюна олуттуу сокку урган.

“АКШ азыр өзүнүн күчү алсырабаганын көрсөтүүгө аракет кылууда. Анткени Иран менен болгон акыркы бир жарым айлык согуштан кийин өлкөнүн аброю абдан төмөндөдү. Балким жарымына эмес, үчтөн экисине эмес, үчтөн төртүнө чейин түшүп кеткендир. Акыркы 30 жылдан ашык убакытта АКШ өзүн жеңүүчү катары көрсөтүп келген. Мурда алар көбүнчө алсыз атаандаштарга каршы согушуп, ар кандай күчтөрдү бири-бирине каршы коюу сыяктуу тактикаларды колдонушкан”, - деп белгиледи ал.

Последние новости