www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын башкы прокурору К.Т.Зулушевге, УКМК төрагасы К.К.Ташиевге улуттук университеттеги каржылык, административдик, окуу-тарбиялык көйгөйлөр боюнча кайрылышкан. Себеби, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы өтө начар, окутуучулардын эмгек акысы төмөн, контракттан, арендадан жана башка булактардан түшүп жаткан акча каражаттардын кайсы жакка жумшалып жатканы белгисиз.

Тендерлер кандай жол менен өткөрүлгөнү жашыруун бойдон калган. Болуп жаткан ремонттордун сапаты төмөн. Атамбаев дайындаган ректор Канат Садыков акча кымыргандан башка эч иш жасабай төрт жыл отурган. Эми ошол көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан профессордук-окутуучулук курамдын өкүлдөрүнө кысым көрсөтүп, ректор Канат Садыковго кошомат кылган декандар жогоруда көрсөтүлгөн арызга кол койгон профессорлорду, доценттерди, ага окутуучуларды, окутуучуларды куугунтуктап, «арызга койгон колуңардан баш тарткыла, болбосо жумуштан айдаласыңар» деп опузалап, коркутуп тынчтык бербей жатыптыр.

Балкондо чоңойгон ректор Канат Садыков төрт жыл улуттук университетке эч нерсе жасабай артка тартканы аз келгенсип, эми чындыкты айтып чыккан профессорлорду, доценттерди куугунтуктап, адам укугун, сөз эркиндигин тебелеп-тепсеп, өз билгенин жасай береби?

Ал келген текшерүүлөрдүн алкымын майлап, сатып алып, жолуна салып коёт экен... Көрсө, анын эч кимди тоготпой жатканынын сыры ушунда турбайбы! Ректор Канат Садыков ушундай коррупциялык жол менен улуттук университетти «башкаруусун» уланта берет окшойт...

Деги, бул мамлекетте ага чара көрө турган укук коргоо мекемеси барбы, же ал башпрокурор Курманкул Зулушевди, УКМК терагасы Камчыбек Ташиевди да сатып алып, көнүп калган коррупциялык иштерин улантып, атасынан калгандай улуттук университеттин ректору кызматынын креслосуна жабышып, тырмышып, түшпөс хан болуп отура береби?

Булак: Азия News гезити

Последние новости