www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Вагнер" тобунун мурдагы үч миң аскери командири менен бирге "Ахмат" спецназына өтүүдө. Бул тууралуу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram каналында билдиргенин РИА Новости жазды.

"Сиздерге жакшы жаңылыгым бар. "Ахмат" атайын багыттагы бөлүктүн командири Апта Алаудинов менин тапшырмамдын негизинде "Вагнер" тобунун жетекчилиги менен сүйлөшүп, анын жыйынтыгында "Вагнердин" командирлеринин бири легендарлуу "Ахматка" өтмөй болду. Аны менен кошо бул спецназга "Вагнердин" үч миң мурдагы аскери да кошулмакчы", — деп жазган Кадыров.

Ал Орусиянын Коргоо министрлиги бөлүккө керектүү сандагы бош орундарды бөлүп бергенин ырастады. Кадыров уюштуруу маселелери жакын арада чечилерин кошумчалаган.

Чеченстандын башчысы "Вагнер" тобунун мурдагы аскерлеринин "Ахмат" атайын күчтөрүнө өтүшүн өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө жана атайын багыттагы бөлүктүн натыйжалуулугун жогорлатуу үчүн маанилүү кадам деп атаган. Кадыров бул чечим атайын операциянын жүрүшүнө оң таасирин тийгизет деген ишенимин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости