www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда авиакомпаниялардын ички каттамдарына тейлөөсүнө нааразылык  оголе көп. Бирок ал көйгөй көбүнчө ачыкка чыга бербейт.

Канткен күндө дагы АВИА каттамдар ат көтөргүс кызмат кылбаса дагы, аба жүргүнчүлөрүн тейлеп келе жатышат, ал турган кеп.

Эми расмий маалыматтарга таянсак,  Кыргызстанда жалпы 22 авиакомпания каттоодон өткөн. Айрымдары тийиштүү эрежелерге дал келбей, токтотулган. Ички каттамдар болсо көз тийбесин, кырсыктан оолак кылсын, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатса, тышкы каттамдар, аба жүргүнчүлөр менен Бишкек мэри Албек Ибраимов жана  "Манас" эл аралык аэропортунун башкармалыгынын башчысы Эмир Чукуевге мыкты кызмат кылып, бизнестеринин атасын танытууда.

Дегенбиз,  Албек мырза "Манас" эл аралык аэропортунун башкармалыгынын башчысы Эмир мырза менен өтө тыгыз, арасынан кыл өтпөгөн жакын адамдар. Аз убакыттын аралыгында экөө тең аба каттамдары менен бизнесин жакшы өздөштүрүп алды.  Сөзүбүз куру болбош үчүн, 2016-жылы К-News жазып кеткен макаланы өзгөртүүсүз окурмандардын эсине сала кетсек.

Мэр Бишкека Албек Ибраимов, работая в аэропорту Манас, купил цех по приготовлению бортового питания за $15 млн, реальная стоимость которого составляет $2 млн.

Как сообщил лидер фракции «Ата Мекен» Омурбек Текебаев, ЗАО «Манас Менеджмент Компани» было образовано не без коррупции в 1995 году во время Акаева.

«Общество на 80% иностранное, 20% принадлежит аэропорту. Цех по приготовлению бортового питания, полностью оборудованный современной автоматизированный техникой, сегодня стоит 2 млн долларов. Ибраимов купил его за 15 млн. Купил дешевый объект задорого. Кто и как потом делил деньги – всем известная схема. Кто принимал решение, кто выделял деньги, знал ли об этом Фонд госимущества?» − поинтересовался депутат.

Текебаев сообщил, что направил соответствующее письмо председателю Фонда по управлению госимуществом. Завтра в ходе заседания фракции будет озвучен официальный ответ фонда", деп жазган эле.

Андан бери эчен күндөр өтүп, эки азамат мыкты ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Тилекке каршы, Эмир Чукуев "Манас" эл аралык аэропортуна башчы болуп келгенден бери бир нерсени жыргатып же чет өлкөдөн ийгиликтүү авиакаттамдарды ачып жиберген деле жок. Болгону адаттагыдай эле аэропорттун ичине “көз менен каш” тартып, имараттын ичин эле жаңылаганы болбосо,  глобалдуу жумуш кылганы деле көрүнбөйт.

Өкүнүчтүүсү айрым маалыматтарга таянсак, Казакстан эгемендүүлүк алгандан бери - 30 учак, Өзбекстан – 30, Тажикстан тарап - 10 учак сатып алса, Түркменистан тарап жаңы заманбап аэропорт курууга жетишкен.  Ал эми Кыргызстан тарап, азырынча бир дагы жаңы учак сатып ала элек. Жаңы учактардын баасына токтоло кетсек - 80 млн АКШ долларын чапчыйт.  Ал эми колдонулган учактар, көлөмүнө карап 3 млн доллардан жогору.

Баса, жакынкы күндөрү "Манас" эл аралык аэропортундагы “былыктар жана чылыктар” тууралуу кеңири маалыматты окурмандарга сунуш кылабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости