www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы "Кыргызтемиржолу" ишканасынын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 221 ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабуусу"), 173-берене ("Алдоо жана ишенимге кирүү менен мүлккө зыян келтирүү") менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 13-сентябрда кабарлады.

Маалыматка караганда, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иликтөөдө 2018-жылдын 1-январынан 30-апрелине чейин "Бишкек-Москва-Бишкек", "Бишкек-Новокузнецк-Бишкек", "Бишкек-Казан-Бишкек" темир жол багытында 67 жолу жүргүнчү каттамы ишке ашырылып, бирок 4868 билет гана сатылган.

Ошол эле кезде "Кыргыз темир жолу" ишканасы" менен Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат базасында "Кайыңды-темир жол" пункту аркылуу» билети жок 2874 киши өткөнү жазылган.

Прокуратура поезддин жооптуу кызматкерлеринин билети жок жүргүнчүлөрдөн алган акчасынан ишкананын кассасына 2 млн. 649 миң сомдон ашык каражат түшпөй, мамлекетке чоң зыян келтирилген деп эсептейт.

Транспорт прокуратурасы ушундай эле фактыга байланыштуу дагы бир кылмыш иши козгогон. Андан 1 млн. 344 миң сом зыян келтирилгени айтылды. Азыр бул кылмыш иштери иликтенип жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости