www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Катардын эмири Тамим бин Хамад бин Халифа Аль Тани Орусиянын президенти Владимир Путинге телефон чалып, тараптар кызматташтыкты жана "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын козголоңунун тегерегиндеги окуяларды талкуулашты. Бул тууралуу ТАСС жазды.
Эскерте кетсек, 23-июнда «Вагнер» жеке аскерий компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министрлигин анын компаниясынын позицияларына сокку урду деп айыптаган.
24-июнь күнү эртең менен ал "Вагнер" аскерлери Ростов-на-Донудагы объектилерди көзөмөлдөп жатканын билдирген. Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында болушу мүмкүн болгон теракттардын алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилген.
Кырдаал Беларустун президенти Александр Лукашенко менен "Вагнердин" башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Евгений Пригожин Москвага баруу ниетинен баш тарткандан кийин жөнгө салынган. Азыр анын кайда экени белгисиз.
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Евгений Пригожинге каршы кылмыш иши жабылганын, жалданмачылар жоопко тартылбай турганын билдирген.
Ал эми бүгүн, 26-июнда "Коммерсант" гезити кылмыш ишин козгоо чечими жокко чыгарыла электигин, козголоң боюнча тергөө уланып жатканын билдирди.
Булак: NazarNews.kg