www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиянын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабын жетектеген, мурдагы генерал Ричард Даннат "Евгений Пригожин Россияда ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин Украинага Белоруссия тараптан кол сала турган аскер күчтөрүн жетектеп калышы мүмкүн", - деп билдирди.
Sky News телеканалынын эфиринде Лорддор палатасынын өкүлү Ричард Даннат сөзүн улантып “Анын Белоруссияга чыгып кеткени олуттуу тынчсызданууну жаратат” деди.
Даннаттын пикиринде "ар кандай аскер күчтөрүн чогулткан ЧВК "Вагнерди" орус жетекчилиги кайрадан Киевге кол салуунун жаңы аракетин көрүшү мүмкүн".
Эскерте кетсек, 23-июнда «Вагнер» жеке аскерий компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министрлигин анын компаниясынын позицияларына сокку урду деп айыптаган.
24-июнь күнү эртең менен ал "Вагнер" аскерлери Ростов-на-Донудагы объектилерди көзөмөлдөп жатканын билдирген. Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында болушу мүмкүн болгон теракттардын алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилген.
Кырдаал Беларустун президенти Александр Лукашенко менен "Вагнердин" башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Евгений Пригожин Москвага баруу ниетинен баш тарткандан кийин жөнгө салынган. Азыр анын кайда экени белгисиз.
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Евгений Пригожинге каршы кылмыш иши жабылганын, жалданмачылар жоопко тартылбай турганын билдирген.
Ал эми бүгүн, 26-июнда "Коммерсант" гезити кылмыш ишин козгоо чечими жокко чыгарыла электигин, козголоң боюнча тергөө уланып жатканын билдирди.
Булак: NazarNews.kg