www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карантиндин айынан оор кырдаалга кабылган жарандарга жардам көрсөтүү демилгесин Өзбекстандын президентинин жубайы Зироат Мирзиёева көтөрүп чыкты.

“Замин” фондунун ишмердүүлүгү узак мөөнөттүү, стратегиялык жана туруктуу долбоорлорго багытталган. Жеке жана юридикалык жактардын кайрымдуулук салымдары, ошондой эле эл аралык уюмдардын гранттары Фондду каржылоонун негизги булагы болуп саналат. Фонд айлана-чөйрөнү коргоо, угуу начар балдардын билимин өркүндөтүү, ошондой эле социалдык чөйрөдө инновациялык технологияларды жайылтуу боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда.

Бүгүн жардам берүү убагы келгенин түшүнүп, фонддун камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү жакшы иш-аракеттерге өз салымын кошууну чечишти. Ошондуктан, долбоорлорго тартылган каражат аялдарды жана муктаж үй-бүлөлөрдү колдоого жумшалды. Өзбекстандын бардык аймактарында муктаж болгон 5000 аялга беш миллиард сум жардам берилди.

"Ушул коопсуз жана өз убагында берилген жардам оор күндөрдө көңүлү калгандарга үмүт берип, ыйык Рамазан айында үй бүлөлөрүнө жана жакындарына жылуулук, кубаныч жана жылмаюу тартууласын. Быйыл коронавирустун пандемиясы кеңири жайылган кырдаалда, муктаж болгондорго жардам жана камкордук көрүү мурдагыдан да маанилүү болуп, Өзбекстан элине биригип, бардык сыноолорду башынан өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ушундай жол менен гана боорукер адамдардын жардамы менен кыйынчылыктарды чогуу жана биримдикте жеңе алабыз", - деди камкорчулар кеңешинин төрайымы Зироат Мирзиёева жыйында.

Маалымат үчүн, "Замин" Эл аралык коомдук фонду Өзбекстанда өкмөттүк эмес коммерциялык эмес уюм катары түзүлгөн. Фонддун максаты - өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости