www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында өрттөн жабыркаган батирлердин баары калыбына келтирилет. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үйдүн жашоочулары менен жолукканда билдирди.
Анын айтымында, учурда көп кабаттуу үйдүн чатырынан чыккан өрт кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барууда.
Жеңишбек Токторбаев белгилегендей, президент Садыр Жапаров күйүп кеткен үйдүн чатырын, жабыркаган батирлерди толук калыбына келтирип, жеке көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.
"Баары мэриянын эсебинен бүткөрүлөт. Кыжаалат болбоңуздар, эң башкысы жашоочулар аман. 13-кабат мансард тибинде болуп, эки тарабында 6 батир жайгашыптыр. Үч батирде адамдар жашап, калгандары бүтө элек экен. Бул кабат толугу менен, ошондой эле 6, 10, 11, 12-кабаттардан бирден батир күйүптүр. Эртеңден тартып курулуш материалдарын алып келип, сиздерди жаан-чачынга калтырбастан батирлерди калыбына келтирип баштайбыз”, - деп белгиледи ал.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, тилсиз жоо саат 16:00дө толук өчүрүлдү. Өрттүн болжолдуу аянты 1895 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Эске салсак, бүгүн таңга жуук Ош шаарындагы Маматисаков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, ӨКМден 8 бөлүм, 2 автошаты, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылган. Мындан тышкары, милиция жана тез жардам кызматы иш алып барган.