www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында - 20, Ош шаарында - 10 жана Манас шаарында - 6 жаңы мектептин курулушу пландалган.

Аталган тапшырманын алкагында бүгүн, 25-февралда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды.

Иш сапардын жүрүшүндө министр Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупат Маткаликов, ошондой эле тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте Манас шаарында курула турган социалдык объекттердин долбоорлору менен таанышып, жыйын өткөрдү.

Манас шаарында курулуучу объектилердин тизмеси:

1. Көк-Арт муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ак-Тилек кичи шаарчасындагы Достук кичи көчөсү 25/2 дарегинде 375 орундуу жаңы мектеп;

2. Курманбек муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Г. Мамбеталиев көчөсүндө 650 орундуу жаңы мектеп;

3. Т. Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Чолок-Терек айылынын А. Керимбеков көчөсү 167 дарегинде 275 орундуу жаңы мектеп;

4. Спутник кичи шаарчасынын Р. Азизов көчөсү 13 дарегинде жайгашкан мектепке 650 орундуу кошумча корпус;

5. Достук муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу №5 Б. Осмонов атындагы орто мектепке (Л. Фурманов көчөсү 5) 275 орундуу кошумча корпус;

6. Достук кичи шаарчасындагы №21 Ж. Болотов атындагы орто мектепке 275 орундуу кошумча корпус.

Министр объекттердин долбоордук-сметалык документтери менен таанышып, тиешелүү департаменттердин жетекчилерине жана подряддык уюмдарга курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча Бишкек, Ош жана Манас шаарларында окуучулардын саны мектептердин долбоордук кубаттуулугунан бир нече эсеге жогору. Ушуга байланыштуу республикалык бюджеттин эсебинен аталган үч шаарда жалпысынан 36 жаңы мектептин курулушу пландалып, этап-этабы менен ишке ашырылууда.

Последние новости