www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу иш мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев боюнча бир чындыкты моюнга алды. Жолугушууда мүлк укугу тебеленгенин айткан элдин үнүн уккан Жапаров экс-мэрдин кемчилиги үчүн өзү да жоопкерчилик сезерин билдирди. Бул туурасында: "Менин да кемчилигим десем болот. Ишенип мэр кылып койсом ушундай туура эмес иштерди жасаптыр”, - деди өз сөзүндө.

Учурда Токторбаевдин ишмердүүлүгү боюнча укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатышат. Ага чек арадан сыртка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы бары дагы айтылган. Президент Жапаров дагы тиешелүү органдар Токторбаевге байланыштуу иштерди иликтеп, мыйзам чегинде укуктук баа бере турганын айтты. 
Демек, эгер мыйзам тандалма эмес, баарына бирдей экени анык болсо, Ош шаарын өлчөөсүз карызга батырган кылыгы, акчасын бербей ишкерлерди сыздаткан жоругу, жарандардын үй-мүлкүн эч бир соттун чечими жок буздурган өкүм зордугу үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. 

Анын үстүнө президенттин ишенимин пайдаланып, саботаж жасады. Бийликтин кадырын кетирди. Мыйзам менен эмес, түшүнүк аркылуу башкарды. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып,мамлекеттик кызматтын беделин түшүрдү. Коррупциялык схемаларды уюштурганы дагы айтылып жатат. Айтор, толгон токой статья койсо жарашат.

Последние новости