www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада Жогорку Соттун Төрагасы Медербек Сатыев ЖМК өкүлдөрү менен жолугуп, суроолоруна жооп берип, сунуш-пикирлерин укту. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, гезитибизге кененирээк маек берүүсүн өтүнгөнбүз. Өтүнүчүбүздү орундатып, сот системасындагы реформалар, ачыктык, санариптештирүү жана ишенимди арттыруу тууралуу кызыктуу маек куруп берди. Анда кеп башынан болсун. 

- Медербек Асанбекович,  сиздер жаңыдан иштеп  чыккан “2023–2026-жылдары КРнын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү” мамлекеттик программасынын негизги максаты эмнеде?
- “2023–2026-жылдары КРнын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасынын негизги максаты – сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана ачыктыгын камсыз кылуу, сот тутумунун санариптештирүүсүн ырааттуу өнүктүрүү, жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, сот чечимдеринин сапатын жогорулатуу аркылуу элге багытталган, адилеттүү, натыйжалуу сот системасын түзүү.

Бул стратегиялык максатка жетүү үчүн программада төрт негизги артыкчылыктуу багыт (ички максаттар) аныкталган. Биринчиден, судьялардын жана жалпы сот системасынын институционалдык көз карандысыздыгын бекемдөө каралган. 

Бул – адилет сот жүргүзүүнүн негизги шарты. Экинчиден, сот системасынын натыйжалуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындыгын жогорулатуу максаты коюлган, бул жарандардын ишенимин бекемдөөгө түздөн-түз таасир этет. Үчүнчүдөн, сот адилеттиги системасына санариптик технологияларды кеңири киргизүү жана алардын натыйжалуу колдонулушун камсыз кылуу. Төртүнчүдөн, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын - укук коргоо, юстиция жана соттук чечимдерди аткаруу кызматтарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу каралган.

- Ал эми милдеттери кандай?
- Программанын милдеттери сот адилеттигинин сапатын комплекстүү жакшыртууга багытталган. Анын алкагында жарандардын сот органдарына кайрылуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, кызмат көрсөтүүлөрдү белгиленген мөөнөттөрдө жана сапаттуу алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, соттук экспертизалардын сапатын жана ыкчамдыгын жогорулатуу, ошондой эле сот чечимдеринин толук жана өз убагында аткарылышын камсыз кылуу боюнча чаралар каралган. Мындан тышкары, сот адилеттиги системасына кирген органдардын ишин оптималдаштыруу, судьялардын жана кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү жана маалыматтык технологияларды кеңири колдонуу аркылуу башкаруу процесстерин модернизациялоо өзгөчө мааниге ээ. 

Аталган программа КРнын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү боюнча акыркы жылдардагы стратегиялык пландоонун логикалык уландысы болуп, жакынкы төрт жылга багытталган үчүнчү маанилүү документ болуп эсептелет. 

Анын мурдагы программалардан айырмачылыгы - бул жерде соттордун ички өнүгүүсү менен гана чектелбестен, сот адилеттиги системасына түздөн-түз байланышкан башка мамлекеттик органдардын – укук коргоо, юстиция, соттук чечимдерди аткаруу жана башка түзүмдөрдүн ишин өркүндөтүүгө багытталган комплекстүү чаралардын камтылышы болуп саналат.

Мындай комплекстүү мамиле жыйынтыгында жарандардын укуктарын натыйжалуу коргогон, ачык, жеткиликтүү жана заманбап сот адилеттиги системасын түзүүгө өбөлгө болот.

- Бул программанын негизги максаттарынын бири – жарандардын сотко болгон ишенимин жогорулатуу экен. Бирок, бүгүнкү күндө ишенимди төмөндөтүп жаткан негизги факторлор кайсылар?
- Жарандардын сот системасына болгон ишенимин төмөндөтүп жаткан факторлор бир нече себептерге байланыштуу. Бул - сот чечимдери жана сот процесстери тууралуу жетиштүү, так жана түшүнүктүү маалыматтын жетишсиздиги. Көпчүлүк жарандар сот актыларынын мазмунун толук түшүнбөй калышат же процесстердин жүрүшү тууралуу маалыматты өз убагында ала алышпайт. Мындан улам, ар кандай күмөн ойлор туура эмес түшүнүктөрдүн жаралышына алып келет. Айрым учурларда сот иштеринин узакка созулушу жана процессуалдык кечигүүлөр жарандардын нааразычылыгын жаратат. Адилет чечим канчалык негиздүү болбосун, эгер ал өтө узак убакытта кабыл алынса, бул сот системасынын натыйжалуулугуна болгон ишенимге терс таасирин тийгизет. Ошондой эле, сотто утулган тараптын чечимге нааразы болушу табигый көрүнүш. Бирок, мындай субъективдүү пикирлер айрым учурларда коомдук мейкиндикте кеңири жайылып, жалпы сот системасына карата терс көз карашты калыптандырууга себеп болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда сот иштеринин айрым учурларда бир жактуу же толук эмес чагылдырылышы коомдук пикирге олуттуу таасир этет. Бул дагы жарандардын ишеним деңгээлинин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Ушундай шартта биздин негизги милдет – сот системасынын ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу. Биз маалыматты ыкчам, так жана жеткиликтүү жеткирүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Санариптик кызматтарды өнүктүрүү, сот процесстерин жөнөкөйлөтүү жана сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу аркылуу жарандардын ишенимин бекемдөө негизги артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Жыйынтыгында, сот системасы канчалык ачык, түшүнүктүү жана натыйжалуу иштесе, жарандардын ага болгон ишеними ошончолук жогорулайт.

- Аймактарда сот адилеттигине жетүү маселеси дагы деле актуалдуу. Бул багытта конкреттүү кандай өзгөрүүлөр күтүлөт?
- Аймактарда сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу жана жакшыртуу - биздин мамлекеттик саясаттагы эң маанилүү жана артыкчылыктуу багыттарынын бири. Жарандардын жашаган жерине карабастан сот адилеттигине тең жана тоскоолдуксуз жетүүсү - укуктук мамлекеттин негизги принциптеринин бири болуп саналат. Бул багытт сот кызматтарын кеңири санариптештирүү аркылуу жарандардын сот органдарына кайрылуусун мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү каралууда. 

Онлайн кызматтарды өнүктүрүү аркылуу жарандар арыздарды электрондук форматта тапшырып, сот иштеринин жүрүшүн аралыктан көзөмөлдөөгө, керектүү маалыматтарды ыкчам алууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул өзгөчө алыскы аймактарда жашаган жарандар үчүн чоң жеңилдик жаратат. Мисалы, сот адилеттүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле коомчулуктун жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөргө карата көз карашын аныктоо максатында, бардык сот имараттарына QR-коддор камтылган маалыматтык такталар орнотулду. QR-коддор аркылуу жарандар сот тутумунун жалпы ишмердүүлүгүнө карата өз пикирлерин жана сунуштарын калтыра алышат. 
Аталган механизм бир катар маанилүү милдеттерди аткарат.

Биринчиден, сот ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылат. Экинчиден, жарандарга соттук териштирүүлөрдүн жүрүшү, судьялардын кесипкөйлүгү жана кабыл алынган чечимдердин адилеттүүлүгү тууралуу өз ойлорун билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, жарандар сот кызматкерлеринин мамилеси, сот имараттарында түзүлгөн шарттар жана жалпы сот тармагындагы иш-аракеттер боюнча да пикирлерин эркин билдире алышат. 

Белгилей кетсек, QR-код аркылуу пикир калтыруу жашыруун негизде жүргүзүлөт. Бул жарандардын ачык жана эркин ой-пикир билдирүүсүнө шарт түзөт, анткени пикир калтырган адамдын ким экендиги аныкталбайт.

Жергиликтүү соттордун жыл жыйынтыгын чыгарган жыйындарында QR-код аркылуу келип түшкөн сунуш-пикирлерге өз убагында жана ыкчам жооп берүү милдетин аймактардагы соттордун төрагаларына тапшырдым. Ар бир айтылган сунуш-пикирди дыкат талдап, тиешелүү чараларды көрүү талабын койдум.

Аймактык соттордун материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Сот имараттарын оңдоо, заманбап техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу, интернет байланыштын сапатын жакшыртуу сыяктуу конкреттүү чаралар этап-этабы менен ишке ашууда. Ошондой эле кадрдык потенциалды күчөтүү маанилүү багыттардын бири. Аймактарда иштеген судьялардын жана сот кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, үзгүлтүксүз окутуу жана тажрыйба алмашуу механизмдерин киргизүү аркылуу кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуунун аракетиндебиз. Көчмө сот жыйындарын уюштуруу практикасы кеңейтилет. Бул ыкма жарандардын сотко баруу үчүн кошумча убакыт жана каражат сарптоосун азайтып, сот адилеттигин жеринде камсыз кылууга шарт түзөт.

- Судьяларды кызматтан алуу жана жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун кантип калыс, адилет, ачык кылуу керек?
- Курамында 9 адамдан турган КРнын Судьялар кеңешиндеги Тартип комиссиясы бар. Аталган комиссия судьялардын тартиптик жоопкерчилиги боюнча маселелерди карайт. 

Комиссия ар бир ишти объективдүү, ар тараптуу жана бейтарап карап, судьянын укуктарын толук сактоого тийиш деп эсептейм. Экинчиден, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу маанилүү. Тартиптик иштер боюнча кабыл алынган чечимдер коомчулук үчүн жеткиликтүү болуп, алардын негиздемеси түшүндүрүлүшү керек. Бул коомдун сот системасына болгон ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт. Үчүнчүдөн, жоопкерчилик маселелерин кароодо көз карандысыздык принциби сакталууга тийиш. Комиссиянын ишине кандайдыр бир тышкы кийлигишүүлөргө жол берилбеши керек. Чечимдер фактыларга жана далилдерге гана таянып кабыл алынууга тийиш. 

Төртүнчүдөн, судьялардын жоопкерчилигин күчөтүү менен алардын укуктук кепилдиктери да камсыздалышы зарыл. Башкача айтканда, ар бир судья өзүнө коюлган айыптар боюнча түшүндүрмө берүүгө, далилдерди сунуштоого жана мыйзамда каралган тартипте коргонууга укуктуу. 

Мыйзамдуулук, ачыктык, калыстык жана жоопкерчилик принциптерин ырааттуу сактоо аркылуу гана судьяларды кызматтан алуу жана жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун адилеттүү жана коомдун ишенимине татыктуу деңгээлде камсыз кылууга болот деп ойлойм.

- Өзүңүз да соттор арасында пара алуу тыйылбай жатканын ачык айткансыз. Бул көрүнүштү токтотуу үчүн конкреттүү кандай чаралар көрүлүп жатат?
- Коррупцияга каршы күрөш –сот системасындагы эң негизги жана принципиалдуу багыттардын бири болуп саналат. Пара алуу сыяктуу көрүнүштөргө эч кандай шартта жол берилбейт жана мындай фактылар аныкталган учурда мыйзам чегинде катуу жана кайтарымсыз чаралар көрүлөт. Бул багытта сот процесстерин максималдуу деңгээлде санариптештирүү аркылуу адам факторун азайтуу иштери активдүү жүрүүдө. Мисалы, сот иштерин автоматтык түрдө бөлүштүрүү системасы киргизилип, ишти ким карай тургандыгына сырттан таасир этүү мүмкүнчүлүгү жоюлууда. Ошондой эле онлайн кызматтардын кеңейтилиши жана процесстердин электрондук форматка өтүшү ачыктыкты камсыз кылып, коррупциялык тобокелдиктерди олуттуу түрдө төмөндөтөт. Мындан тышкары, судьялардын жана сот кызматкерлеринин жоопкерчилигин күчөтүү, алардын ишмердүүлүгүнө карата этикалык талаптарды так сактоо, тартиптик өндүрүштөрдү ыкчам жана калыс кароо практикасы дагы күчөтүлүүдө. Ар бир мыйзам бузуу фактысы принципиалдуу түрдө каралып, тиешелүү укуктук баа берилет. Анткени, сот системасы азыркы учурда ичинен өзүн-өзү тазалап жатат. Аны менен катар коомдук көзөмөлдү күчөтүү да маанилүү орунду ээлейт. ЖМКлар жана жарандык коом менен ачык иш алып баруу аркылуу сот системасынын ишмердүүлүгү коомчулуктун көзөмөлүндө болууда. Көрүлүп жаткан бардык чаралардын негизги максаты – сот системасында коррупцияга таптакыр жол берилбеген, таза, адилет жана жарандардын ишенимине татыктуу укуктук чөйрөнү түзүү болуп саналат.
- Сиздерде “Электрондук сот адилеттигин” киргизүү каралган. Бирок аймактардагы техникалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алганда, бул процесс ар кандай тоскоолдуктарга туш болуп жатса керек?
- КРнын Президенти Садыр 
Жапаров судьялардын курултайында сот тутумун санариптештирүү маселесин тез арада аягына чыгаруу талабын койгон. Бул багытта “Электрондук сот адилеттигин” киргизүү - бул бүгүнкү күндүн талабы жана сот системасын комплекстүү модернизациялоонун негизги багыттарынын бири. Анын башкы максаты - сот кызматтарын ыкчам, ачык жана жарандар үчүн жеткиликтүү кылуу. Албетте, аймактардагы техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн деңгээли бирдей эмес экенин эске алабыз. Айрым жерлерде интернет байланышынын сапаты жетишсиз, техникалык жабдуулар толук камсыздалбаган учурлар бар. Мындай жагдайлар белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратып жатканын жашырбайбыз. Бирок, бул маселелерди системалуу жана этап-этабы менен чечүү боюнча конкреттүү иштер жүрүүдө. Атап айтканда, аймактык сотторду заманбап компьютердик техника жана сервердик жабдуулар менен камсыз кылуу, интернет байланыштын сапатын жакшыртуу, судьялардын жана сот кызматкерлеринин санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча окутуулар уюштурулууда. “Элек-трондук сот адилеттиги” системасы киргизилип жаткан шартта жарандар үчүн салттуу форматтагы кайрылуу мүмкүнчүлүгү дагы сакталат. Бул - ар бир жаран өзүнө ыңгайлуу болгон ыкманы тандап, сот адилеттигине тоскоолдуксуз жетиши үчүн маанилүү. Биздин максат – бардык жарандар үчүн тең шартта иштеген, ыңгайлуу, жеткиликтүү жана натыйжалуу сот адилеттигин камсыз кылуу.
- Санариптештирүү сот процессинин ачыктыгын канчалык деңгээлде жогорулатат деп ойлойсуз?
- Санариптештирүү сот процессинин ачыктыгын сапаттык жаңы деңгээлге чыгарат. Бул багыттагы өзгөрүүлөр сот системасынын ишине болгон ишенимди бекемдөөнүн эң натыйжалуу инструменттеринин бири. Иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү системасы адам факторун минималдаштырып, сот иштерине тышкы кийлигишүүлөрдүн мүмкүнчүлүгүн жоёт. Бул өз кезегинде калыстыкты камсыз кылуунун маанилүү кепилдиги болуп эсептелет. Экинчиден, электрондук системалар аркылуу жарандар сот иштеринин жүрүшүн онлайн режимде көзөмөлдөйт. Бул маалыматтын жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатып, сот процессинин жабыктыгы тууралуу түшүнүктү жоёт. Үчүнчүдөн, сот чечимдеринин электрондук форматта жарыяланышы, ошондой эле сот отурумдарынын аудио жана видеофиксацияланышы ар бир процесстин толук жазылып, сакталуусуна шарт түзөт. Ар бир аракеттин изин калтырып, кийин текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай механизмдер жоопкерчиликти күчөтүп гана тим болбостон, судьялардын жана сот кызматкерлеринин ишинде тартипти жана тактыкты камсыз кылат. Санариптештирүү сот адилеттигинин ачыктыгын жогорулатып, жарандардын сот системасына болгон ишенимин бекемдөөгө олуттуу салым кошот.
- Эмне үчүн буга чейинки реформалар толук кандуу иш жүзүндө натыйжа берген эмес?
- Мурда жүргүзүлгөн реформалар үзгүлтүксүз жана системалуу негизде ишке ашырылбай калган. Айрым реформалар концептуалдык деңгээлде туура иштелип чыкканына карабастан, практикалык жүзөгө ашырууда жетиштүү колдоо таппай келген. Мындан тышкары, ресурстук камсыздоонун жетишсиздиги, кадрдык даярдыктын алсыздыгы жана заманбап технологиялардын толук кандуу киргизилбегени да өз таасирин тийгизген. Коомчулук менен байланыштын жетишсиздиги жана ачык-айкындуулуктун төмөн деңгээли реформаларга болгон ишенимди азайтып, алардын натыйжалуулугун чектеген. Ошондой эле, сот реформасы бир гана сотко тиешелүү болбошу керек. Чыныгы натыйжага жетишүү үчүн прокуратура, ИИМ жана тергөө органдары менен биргеликте комплекстүү реформа жүргүзүлүшү зарыл. Бардыгы комплекстүү болгондо гана реформалар эффективдүү болуп, натыйжа берет. КРнын Жогорку соту Пленумун өткөргөндө бардык укук коргоо органдарынын жана адвокатура өкүлдөрүн чакырат. Бул процесс реформаларды ырааттуу жана коомчулукка ачык жүргүзүүгө, бардык тараптардын пикирлерин эске алууга шарт түзөт.
- Судьяларга жогору жактан басым болбой турган системаны кантип түзүүгө болот?
- Бүгүнкү күндө судьяларга жогору жактан түздөн-түз басым жасалууда деп айтууга негиз жок. Ар бир судья чечим кабыл алууда мыйзамга гана таянып, өз ички ишенимине ылайык иш алып барат. Бардык сот чечимдери Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылары белгилүү, демек ар бир чечим үчүн судья жеке өзү жоопкерчилик тартат. Бул - көз карандысыз сот бийлигинин негизги принциптеринин бири. Ошол эле учурда судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында кошумча механизмдер да каралган. Тактап айтканда, КРнын Жогорку сотунун Төрагасынын буйругуна ылайык, эгер судьяларга кимдир бирөөлөр тарабынан кандайдыр бир басым жасалса, алар бул тууралуу дароо Жогорку соттун Төрагасына билдирүүгө милдеттүү. Бул чара мүмкүн болгон мыйзамсыз кийлигишүүлөрдү ыкчам аныктоого жана алдын алууга багытталган. Биздин максат – судьялардын көз карандысыз иштеши үчүн бардык шарттарды түзүү. Бул үчүн институционалдык кепилдиктерди бекемдөө, тышкы кийлигишүүлөрдү болтурбоо жана судьялардын кесиптик эркиндигин камсыз кылуу боюнча иштер жүрүүдө.
- Соттордун аброюн көтөрүү үчүн ачыктык эле жетиштүүбү же кошумча аракеттер керекпи?
- Ачыктык сот системасынын аброюн жогорулатууда өтө маанилүү фактор, бирок ал жалгыз жетиштүү эмес. Албетте, сот процесстеринин ачык жүргүзүлүшү, чечимдердин коомчулукка жеткиликтүү болушу, онлайн-технологиялардын колдонулушу ишенимди арттырат. Бирок, мунун жанында судьялардын жеке жоопкерчилиги жана кесипкөйлүгү өзгөчө роль ойнойт. Ар бир судья өз чечимин мыйзам чегинде негиздүү, так жана далилдерге таянып чыгарууга милдеттүү. Ошондой эле соттор коомчулук менен активдүү байланышта болуп, укуктук түшүндүрмөлөрдү берип, жарандардын суроолоруна ачык жооп бериши зарыл. Мындай комплекстүү мамиле гана сот системасынын аброюн чыңдап, коомдук ишенимди арттыра алат. Өзүңүзгө белгилүү болгондой, жакында эле “ЖМК өкүлдөрү менен ийри отуруп, түз кеңешели” деп атайын ачык аянтча уюштуруп, баарлаштык. Анткени, журналисттер сот менен коомчулуктун ортосундагы көпүрө. Сот тутумунда болуп жаткан иштердин бардыгы жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырылат. Андыктан, журналисттердин учурдагы кызыктырып жаткан суроолоруна жооп бердим. Алар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди дагы эске алаарыбызды билдирдик. 
- Судьялардын коопсуздугу кандай камсыздалат?
- Судьялардын коопсуздугу – сот адилеттигин толук кандуу ишке ашыруунун негизги шарттарынын бири. Сот процесстери учурунда коопсуздук сот приставдары тарабынан камсыздалат, алар сот залындагы тартипти көзөмөлдөп, күтүүсүз кырдаалдардын алдын алат. Процесстен тышкаркы учурларда судьялар коркунучка дуушар болсо, жарандардай эле тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу. Бул учурда жеке коргоо чаралары колдонулушу мүмкүн. Эл аралык тажрыйбада, мисалы, Германия, Франция жана Канадада судьялардын коопсуздугу сот залында приставдар аркылуу, ал эми процесстен тышкаркы учурлардагы коркунучтар үчүн полициянын колдоосу, жеке күзөт жана жашыруун дарек менен камсыздалат. Бул механизмдер судьялардын көз карандысыз жана коркунучсуз иштешине шарт түзөт. Ушул тажрыйбаларды эске алып, биз дагы судьялардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Сот процессинде гана эмес, процесстен тышкаркы учурларда да коркунучтарга каршы алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл.
- Өзүңүздүн сот системасына болгон жеке ишенимиңиз кандай?
- Менин сот системасына болгон ишенимим жогору. Анткени, акыркы жылдары системалуу жана конкреттүү натыйжа берген реформалар ишке ашырыла баштады. Сот иштерин автоматтык бөлүштүрүү системасы киргизилип, адам фактору олуттуу деңгээлде кыскартылды. Бул калыстыкты камсыз кылууда маанилүү кадам болуп саналат. Ошондой эле сот процесстерин онлайн трансляциялоо, милдеттүү түрдө аудио жана видеофиксациялоо ачыктыкты жана жоопкерчиликти жогорулатты. Электрондук кызматтардын киргизилиши жарандардын сот системасына жеткиликтүүлүгүн жеңилдетип, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртты. Албетте, чечиле турган маселелер дагы бар, бирок эң башкысы биз ачык иштеп, көйгөйлөрдү жашырбай аларды чечүүгө багытталган так, системалуу кадамдарды жасап жатабыз. Ошондуктан сот системасы туура багытта өнүгүп жатат деп ишенимдүү айтууга негиз бар.
- Сотторду ротациялоонун жыйынтыктары кандай болууда?
- Ротация – бул мезгилдин талабы, коррупциянын, туугандашуунун, жеңил-желпи, тийип-качма иш жүргүзүүнүн алдын алууга болгон аракет. Анын негизги максаты – бир жерде узак убакыт иштөөнүн натыйжасында калыптанышы мүмкүн болгон байланыштарды жана мүмкүн болгон таасирлерди азайтуу. Бул өз кезегинде калыстыкты камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Бүгүнкү күндө ротациянын алгачкы жыйынтыктары байкала баштады. Айрым аймактарда иштин сапаты жакшырган учурлар бар, судьялар жаңы чөйрөдө иштеп, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда. Бул алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга да оң таасирин тийгизүүдө. Албетте, ротация кыска мөөнөттө бардык маселелерди чечип салуучу инструмент эмес. Ал узак мөөнөттүү натыйжа бере турган маанилүү реформа. Системалуу өзгөрүүлөр менен айкалышканда сот системасын чыңдоого олуттуу салым кошулат.

Жазгүл КАРБОСОВА
«Эркин-Тоо» гезити

Последние новости