www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясатка эрте аралашып, эрте алданган «балашка» Сапар Исаков күчтөн тайган себеби эмнеде? Ал жаш кезинен эле бир максаттуу, түз жүрбөй, олку-солку кыймылдары менен «саясий өлүккө» айланган. Ким бийликке келсе, анын этегине намаз окуган кошоматчылардын сап башында турат. 2010-жылдын февралында ал ЦАРИИнин коммуникация бөлүмүн жетектеп, Дүйнөлүк банктын сунушу менен 150 миллион доллар жана ТВЕА компаниясынын 200 миллион долларлык долбоорлорун караган. Бир нече жылдан кийин, 2013-жылы, Атамбаевдин президенттик аппаратынын тышкы иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган Исаков, ошол эле ТВЕА аркылуу 386 миллион долларлык келишимди алып келген. Бул окуялар саясий жана экономикалык чөйрөдө чоң талкууну жараткан.
Атамбаевдин ишенимине кирген «балашка» Исаков өкмөт башчысы болуп, мамлекеттик башкарууну түздөн-түз Кой-Таштагы резиденциядан көзөмөлдөгөн. Ал «суперпрезидент» катары Алмазбек Атамбаевдин таасири астында болгон. Бирок 2017-жылы президенттик шайлоодо жеңген Жээнбеков өзүн эркин сезип, мурдагы схема иштебей калган. Андан кийин Сапар Исаков ТЭЦ авариясынан улам кызматынан кетип камакка алынган. Жыйынтыгында баланын бакты бар экен 2020-жылдагы окуядан кийин качып кеткен. Учурда ал чет өлкөлөрдө жүргөнү тууралуу маалыматтар бар.
2018-жылы январда Бишкек ТЭЦиндеги авария шаарды бир жума бою жылуулуксуз калтырганы эсибизде. Андан кийин Жогорку сот коррупциялык иштерди карай баштады. ТЭЦти модернизациялоодо коррупция фактысы аныкталып, кылмыш иши козголгон. 2019-жылдын 6-декабрында Свердлов райондук соту экс-премьер-министр Сапар Исаковду коррупция боюнча 15 жылга кескен. Бул өкүм Бишкек шаардык соту жана Жогорку сот тарабынан бир аз өзгөртүлүп күчүндө калган.
Экс-премьер Акылбек Жапаров Исаков алып келген 386 миллион долларлык карыз тууралуу катуу сын айтып келет. Ал белгилегендей, карызды төлөбөй калсак, Кытай ТЭЦти, “Датка” электр чердөөнү жана Түндүк-Түштүк альтернатива жолун ээлеп, тарифти өз баасына койот. ТЭЦтин курулушунда жана модернизациясындагы коррупция бир топ мамлекеттик кызматкерлерге кылмыш ишин козгоого себеп болду. Исаков түзгөн келишим күнү эле мамлекет 111 миллион доллардан ашык зыянга учураган. Модернизация боюнча так эсеп-кысап жана смета жок, мамлекет кепилдик берген карызга кайдыгер мамиле жасалган. ТЭЦти капиталдык оңдоп-түзөөгө кеткен чыгымдар абдан ашыкча бааланган — 250-260 миллион доллар жетмек, бирок 386 миллион доллар берилген. Экс-директорлор жана эксперттер ашыкча чыгымдар боюнча далилдерди келтиришкен.
ТЭЦти оңдоо үчүн сатып алынган жабдыктар бир аттиш 640 долларга бааланган, бул айрым үй-бүлөлөрдүн бир жылдык кирешесинен жогору. Ошондой эле өрт өчүргүчтөр, котлдер, консультанттар жана жетекчилерге кеткен чыгымдар миллиондогон долларга бааланган. Мисалы, өрт өчүргүч 1600 доллар, №4 казан 20,7 миллион доллар, консультанттарга 5,9 миллион доллар жана унаа чыгымдарына 9,3 миллион доллар коротулган.
Бул каражаттар Фергана ТЭЦинин оңдолушуна салыштырмалуу (83,6 млн доллар) өтө жогору. Таң калыштуусу, Тажикстандын Дүйшөмбү-2 ТЭЦи 180 миллион долларга, Өзбекстандын жана Казакстандын ТЭЦтери өздөрүнүн компаниялары менен натыйжалуу оңдолгон.
Сапар Исаков эгер мамлекеттин келечегин ойлосо, ТЭЦти модернизациялоонун чыгымдарын төмөндөтүп, мамлекеттик кызыкчылыкты коргоп, коррупцияга жол бербеши керек эле. Бирок ал мамлекетти Кытай компаниясынын көзөмөлүнө өткөрүп, чоң карызга батырды. Келишимдин түзүлгөн күнү эле мамлекет 111 миллион доллардан ашык зыянга учурап, так эсептери жок, мамлекет кепилдик берген карыз кайдыгер каралган.
Бул окуялар Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун жана экономикалык тармактардагы коррупциянын чоң проблемаларынын бири катары кала берет.
Баса, Сапар Исаковду Кыргызстанга президент болуп келет, деген маалыматтар акыркы эки жылдан бери желдей тарап жүрөт.
Азизбек Келдибеков, NazarNews