www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооробай Жээнбеков өлкө аймактарына иш сапарларын улантууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы 3-4-август күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат.

Президент Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Ак-Суу районунда коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартындагы медициналык жана айыл чарба объектилеринин, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү, мындан сырткары калкты таза суу менен камсыздоо жана ички жолдорду оңдоп-түзөө боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости