www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июлда — Улуттук аза күтүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим! Бүгүнкү күн — коронавирустан каза болгон мекендештерибизди эскерүүгө арналган Улуттук аза күтүү күнү. Жалпы кыргызстандыктар көзү өткөндөрдү эскерип, аза күткөн, маркумдардын үй-бүлөсүнө кайрат айтып, тилектештик билдире турган күн. Дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет Кыргызстан элин да кайгы-муңга салды, боордошторбуздан айрылып калдык. Оорунун айынан жарандарыбыздын ата-энелери, балдары, бир туугандары, жакындары каза болушту.

Өлкөбүз орду толгус жоготууга учурады. Ар бир көз жумган мекендешим менин сай-сөөгүмдү сыздатып,  жүрөгүмдү канатып кетти… Каза болгондордун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, жаны бейиште болсун деп тилейбиз. Маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайрат кылгыла дейбиз. Жараткандан сабыр тилейбиз. Баарыбыздын тагдырыбыз бир, жалпы кыргызстандыктар чогуубуз. Каза болгон жарандарыбыз — ар бирибиздин боордошубуз, жакыныбыз, мекендешибиз, досубуз, коңшубуз же жөн гана таанышыбыз. 

Урматуу мекендештерим! Жарандарыбыздын өмүрү, элбиздин ден-соолугу үчүн болгон күрөш дагы эле бүтө элек. Бул апаат ар бирибизди оор сыноодон өткөрүп жатат. Илдет менен күрөшүү, элибиздин ден-соолугун сактап калуу — бул жалпы улуттук күрөш. Биз баарыбыз бирге аракет кылсак, бир күч, бир дем болсок, бул апаатты жеңебиз!

Урматтуу мекендештерим, кадырлуу калкым! Кайраттуу бололу, сабыр тилейли! Эртең  мусулмандардын улуу күнү — Курман айт. Каза болгондорго арналып куран окулат, өткөндөрдүн бейишин тилеп, Жаратканга сыйынабыз. Ата-энелеринен, уул-кыздарынан, жакын туугандарынан ажыраган мекендештеримдин аза күйүтүн тең бөлүшөм! Каарман элибизди, сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай Өзү колдосун!    Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости