www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жер жарылып жаз келгенде өлкөдө саясат айдыңы да кошо жарылмай күнүмдүк адатка айланып калды. Адатта, жаз жарыш демекчи, эл жаздын келишин улай кыштын камы менен алек болуп алпурушуп калчу. Ал эми акыркы кездери элибиз дагы саясатташып, жаздын камы менен эмей эле саясаттын камы менен алагды болуп калгандай. Ананчы, буга да жүйөлүү себептер бар. Бир учкул кеп бара эмеспи “кедей өлкөнүн эли саясатчы болот, бай өлкөнүн эли саякатчы болот” деген. Анын сыңары бийлик башындагылар элдин турмушун оңдобой эле папке талаш, так талаш менен күн өткөрүп, өлкөнүн экономикасы, элдин турмушу артта калып кетип жатканы бештен белгилүү.

Апрель айынын башынан бери  өлкөдө саясий кырдаалдар курчуп баратканы талашсыз. Алды менен экс-ажо  Атамбаев баштаган топ, бир кезде өздөрү сүрөп алып келген бийликке сындарды болушунча жаадырып, эки айлык мөөнөт берди. Болсоң бол, болбосоң болтурабыз деген таризде. Албетте, буларга өзүңөрдү күзгүдөн бир карап койгулачы деген киши жок. Бул бир.

Экинчиден, мындан көп өтпөй “Ата Мекен” саясий партиясы камакта жаткан лидери Өмүрбек Текебаевдин акталуусун талап кылып, 23-апрелде тынчтык митингге чыгаарын маалымдашты. Эгер ошол күнү сот адилеттүү чечим чыгарса жакшы, а эгер “Ата Мекенчилер” күтпөгөн теңирден тескери чечим чыгып калса кандай болот? Бул жагы бийликке ыңгайсыздык жаратып коюшу толук мүмкүн. 

Үчүнчүдөн, кечээ жакында дагы бир экс-ажо Роза Отунбаева Азаттыкка маек берип жатып, бүгүнкү бийликке кескин сын көз карашын билдирип, бир жарым жылдан бери кылган иши жок, кол куушуруп олтурат деп кыйытты. Буга улай, Роза Отунбаеванын карачечекей желдеттери Курултайчылар Кеңешбек Дуйшебаев менен Эмилбек Каптагаевге жан кирип апчелерин колдоп, бийлик күздөгү Курултайда кабыл алынган иштерди аткарбаса биз дагы жаңы кадамдарга барабыз деп божурашты.
Төртүнчүдөн, азыркы бийликтин элдешкис душманына айланган Адахан Мадумаров дагы күндөн-күнгө от алып, бийликтин кемчиликтерин ачык-айкын айтып өзүн негизги оппозиционер катары сыпаттап келет.

Бешинчиден, Кайра-кайра Кыргызстанга келем деп жар салып, өзүнүн аткошчуларынан айттырып олтуруп акыры өлкөгө кайтуу чечимин кабыл алган Өмүрбек Бабанов дагы бүгүнкү бийликтин баш ооруусуна айланды. Эң кызыгы Бабанов башкалардан айрымаланып, “өлө албай жатып, өлөң айтат” болуп бийликке өзүнүн шарттарын коюп жатканы эмнеси? Эң оболу өлкөгө сүрүлбөй келип алган жагына баш катырбайбы? Анысы аз келгенсип анын бул жактагы тарапташтары лидерлерин тосуп алууга он миң адам алып чыгабыз деп күпүлдөп киришти. Анысы аз келгенсип Талас, Каракол жана Нарын шаарларында да миңдеген колдоочуларыбыз митингге чыгат дейт. Буга кандай түшүнсөк болот, Бишкекте го лидерин тосуп алат экен, ал эми башка шаарларга элди чыгарып эмне кылат же кокус бир нерсе болуп кетсе деген алдын ала даярдыкпы? Кайран эргул өткөндөн сабак албай интернеттеги трольдорго ишенип келип алып, Жапаровдун кейпин кийип калбаса эле болду...

Ал эми өзүн эбак саясий сойку катары сыпаттап алган Ташиев дагы бийликке болгон таарынычынан улам, БӨТ досу менен кайра жарашып, анын шыкагы менен пресс-конференция өткөрүп, өкмөттүн отставкасын талап кылган болуп, бийликтин огородуна таш ыргытты. Бул эрен президенттик шайлоонун алдында башка саясий күчтөр менен биригүүгө даяр экенин айтып, бир гана Бабанов менен эч качан бирикпээрин жар салып жүрбөдү беле? Партиябыз эки жолго түштү, болгону фракциябыз мөөнөтү бүткөнчө ишин уланта берет деп. Эми бул оомо киши ошол айткан сөздөрүн көз көрүнө танып, биз бөлүнгөн эмеспиз деп калпты чындай ышкыртып жатса аргасыз күлкүң келет экен.

Жогорудагы фронттордун койгон ультиматумуна бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков жооп берип, алардын мындай кадамдарынан чочулабасын айтып, коррупция менен күрөш улана берээрин билдирди. Бирок мындай кырдаал эмнеден улам болуп жатканына саресеп салган жан жок.  Мындай окуялардын орун алышына эң негизги фактор, бул Өкмөттүн чабалдыгы, алардын шалаакылыгы. Кечээ жакында Өкмөт башчы Абылгазиев өкмөттүн жыйынында “биз бир жылдан бери өлкөнү өнүктүрүү жолдорун издедик” деп элдин оозун ачырды.

Айланайын ай пемьер-министрлик кызмат Абылгазиев үчүн өлкөнү өнүктүрүүнү үйрөткөн мектеп эмес да. Өкмөт башчы болом деген адам, өзүнүн программасы бар, элдин жүгүн артып кетүүгө бели бекем, тажрыйбасы мол болушу керек да. Өкмөт башчы болгон сааттан тартып, өлкөнү өйдө сүйрөп кетем деген. Ал эми буларың ачык эле иштеген жокпуз, эми иштейбиз деп, эшектин тушоосун чечпегендерин мойнуна алып жатпайбы? Кайран гана буларга корогон бир жыл, кор болгон экономика. Ушундай чабал өкмөттүн ишине парламент жакшы баа берсе, анда парламент дагы өздөрүнүн жетеленме экенин аныктап коюшу толук мүмкүн.

Албетте, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү өнүктүрүүгө болгон күчүн жумшап жатканы талашсыз. Президент былтыр кышында Жогорку Кеңешке келип, бир топ натыйжалуу долбоорлорду айтып, ыкчам ишке ашыруу боюнча тапшырма берген эле. Бүгүн дагы омоктуу ойлору менен бөлүшүп, жакшы тапшырмаларды берди. 
Бирок, учурдагы өкмөт президенттин тапшырмасын убагында аткара албай, бийликти жаман көрсөтүп коюп жатканы өкүнүчтүү.

Эң кызыгы, иштебегенин мойнуна алып жаткан М.Абылгазиевди президент эмнеге корголоп жатат? Андан көрө президент өзүнүн элге берген убадасын толук кандуу ишке ашырып, өлкө тарыхында калам десе, ыкчам түрдө Премьер-министрликке иш билги, тажрыйбалуу, эрки күчтүү, басып өткөн жолу бар, калктын калың катмар колдоосуна ээ болгон инсанды алып келиши керек. Ошондо гана президент менен өкмөт эриш-аркак иштешсе өлкөнү да оңдойт, анан анча-мынча ою бузук саясатчылар дагы мат болот эле.

Мынакей, жогорудагы күчтөр учурда бийликтин шаштысын алып жатканы жөндүү себептер болуп жатат. Анткени бүгүнкү бийликтин аткарган опурталдуу иши көрүнбөй жатканы баарына маалым. Бүгүнкү бийлик ушундай чечкиндүү кадамга бара албаса, анда коомчулук көчө саясатына аралашып, жогорудагы фронтторго кошулуп кетүүсү толук мүмкүн.
Калыс Чындыков
Булак: NazarNews.kg

Последние новости