www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда жана айрым интернет булактарында “Таласта Бабановду колдоо митингине жергиликтүү бийлик тарабынан бут тосуулар болууда “ – деген чындыкка дал келбеген маалыматтар жарыяланып жатат.
Кыязы, жалган маалымат таркаткандар ушундай чагымчыл аракеттер менен элди дүрбөлөңгө салгысы келип жаткандай. Анткени тынчтык митингин уюштурууга “Республика” партиясынын мүчөлөрүнө эч ким тоскоолдук кылган жок. Болгону Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун аймактык координатору Бектурсун Момбеков, ушул жылдын 9-апрелинде Талас шаарынын борбордук аянтында жеке ветеринарларга 74 даана мотоцикл тапшыруу иш чарасын өткөрүү үчүн уруксат берүүнү суранып №19/39 сандуу каты менен Талас шаардык мэриясына кайрылган. Талас шаардык мэриясы 9-апрелде № 01-3/554 сандуу каты менен иш чараны өткөрүүгө уруксат берген.
Ал эми “Республика” партиясынын өкүлдөрү, 13-апрелде Таалс шаарынын борбордук аянтында тынчтык митингин өткөрүү өтүнүчү менен Талас шаардык мэриясына 11- апрелде кайрылган.
13-апрелде борбордук аянт бош болбогондугуна байланыштуу, жергиликтүү бийлик “Республика” партиясынын өкүлдөрүнө тынчтык митингин Э. Кутманалиев атындагы стадиондо өткөрүүнү сунуштаган. Андыктан, “жергиликтүү бийлик тынчтык митингин өткөрүүгө тоскоолдук кылып жатат”- деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт.
Булак: NazarNews.kg