www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров беш күндүк иш сапары менен Ош облусун кыдырып, аймактагы социалдык, экономикалык, тоо-кен жана укуктук тармактардагы көйгөйлөр менен жеринен таанышты. Бул сапардын өзгөчөлүгү, мамлекет башчысы эл менен түз байланыш түзүп, алардын арыз-муңун ортомчусуз угуп, көпчүлүк маселелер боюнча ошол жерден тиешелүү жетекчилерге ыкчам тапшырмаларды бергени болду. Буга дейре бир дагы өлкө башчысы эл менен түз баарлашып, көйгөйлөрүн жеринен угуп атайын убакыт бөлгөн эмес.
Иш сапардын жүрүшүндө калктын турмуш шарты, инфраструктуралык муктаждыктар, жумушсуздук, жер маселеси сыяктуу көйгөйлөр ачык айтылып, бир катар маселелер дароо жеринен чечилип жатты. Мындай кадам, башкарууда ыкчамдыкты жана жоопкерчиликти күчөтөт.
Ошол эле учурда бул сапар дагы бир маанилүү жагдайды айкын көрсөттү. Көпчүлүк көйгөйлөр борбордук деңгээлде эмес, жергиликтүү бийлик тарабынан чечилиши керек болгон маселелер экени аныкталды. Облус, район жана айыл деңгээлиндеги жетекчилердин ишиндеги кемчиликтер, бюрократиялык тоскоолдуктар жана кайдыгер мамиле айрым көйгөйлөрдүн узак убакыт чечилбей келишине себеп болгону белгилүү болду.
Ошентсе дагы президенттин эл менен түз иш алып баруусу, мамлекеттик саясаттын реалдуу аткарылышын текшерүүнүн эффективдүү жолу экенин көрсөттү. Ошол эле учурда бул жергиликтүү аткаминерлер үчүн олуттуу сигнал болуп, алардын жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын айгинеледи.
Анткени, президенттин карапайым калк менен жолугушуусунан кийин, адилеттүүлүк маселеси канчалык деңгээлде курч экендиги дагы бир ирет ачыкка чыкты. Көптөгөн жарандар өз көйгөйлөрүн түз жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алганда гана акыйкаттык деп чыркыраган үнү угулуп жатканы системада дагы да болсо оркойгон кемчиликтер бардыгын көрсөттү.
Демек, мурдагы чечимдеринде ката кетирген, мыйзамды одоно бузган кызмат адамдарына карата жоопкерчиликти күчөтүү милдет. Болбосо, адилет издеп, үнү жетпей калган жарандардын саны азайбай, коомдогу ишенимге доо кетиши мүмкүн.
Айтор, президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары бир жагынан конкреттүү маселелерди чечүүгө өбөлгө түзсө, экинчи жагынан башкаруу системасындагы алсыз звенолорду ачыктап берди. Эң негизгиси үлгү болчу саамалык болду. Эми мындан ары да ушул сыяктуу жумушчу иш сапарлар жылына уюштурулуп турса, элдин маселеси ыкчам чечилип, чиновниктердин дагы жоопкерчилиги артмак.