www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Президент Садыр Жапаровдун атынан төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батир белек кылды.

Батир жаш наристелер үчүн ыңгайлуу шарттар менен толук камсыздалган. Керектүү балдар керебеттери жана коляскалар да тапшырылды. Бул колдоо мамлекет тарабынан үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртуу жана наристелердин келечегине кам көрүү максатында көрсөтүлдү.

Шаар мэри өлкө башчысынын атынан жаш үй-бүлөнү куттуктап, наристелерге бекем ден соолук жана узак өмүр каалады. Өз кезегинде төрт эмдин ата-энеси көрсөтүлгөн камкордук үчүн Президентке терең ыраазычылыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 12-мартында Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында Араван районунун 26 жаштагы тургуну Дилшода Артыкова бир уул, үч кыз төрт эмди жарык дүйнөгө алып келген.

Последние новости