www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-августта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

«Ынтымак ордо» имаратынын алдына Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик туулары илинип, Ардактуу кароол тизилип, килем төшөлдү.

Өлкө башчылары бири-бири менен саламдашкандан кийин Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң аскердик оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.

Андан кийин лидерлер катарды кыдырып, Касым-Жомарт Токаев Ардактуу кароол ротасы менен «Салам аскер!» деп саламдашты. Мындан соң Мамлекет башчылары расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырышты.

Расмий азем аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев биргелешип сүрөткө түшүү үчүн «Ынтымак Ордого» киришти жана андан соң тар курамдагы сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Последние новости