www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-февралда, Борбордук Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациянын төрайымы Джузеппина Принчи баштаган Европа парламентинин депутаттарын кабыл алды. 

Жолугушууга Европа парламентинин депутаттары: Джузеппина Принчи (Италия), Свен Симон (Германия), Тьерри Мариани (Франция), Антонин Станек (Чехия), Кристиан Вигенин (Болгария), Томаш Фрёлих (Германия), Кьяра Джемма (Италия), Юсси Сарамо (Финляндия) катышты.

Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү маселелери, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, адам укуктарын коргоо жана сөз эркиндигин камсыз кылуу маселелери талкууланды. 

Мамлекет башчысы Европа Биримдиги жана Европа өлкөлөрү менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, мамилелерди мындан ары да чыңдоого даяр экенин ырастады.

Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш менен Европа парламентинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык комитетинин кезектеги жыйынынын өткөрүлүшүн диалогдун негизги жана мазмундуу механизмдеринин бири катары жогору баалады.

“Биз парламенттер аралык өз ара мамилелерге өзгөчө маани беребиз, аны ички өнүгүү, тышкы саясат жана регионалдык күн тартиби боюнча ой-пикирлерди түздөн-түз жана ачык алмашуунун натыйжалуу каналы катары карайбыз”, - деди Президент.

Джузеппина Принчи өз кезегинде Садыр Жапаровго меймандостугу жана актуалдуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер ырааттуу өнүгүп жатканын айтты. 

Европарламенттин депутаттары Кыргызстандын жетишкен ийгиликтерине жана акыркы жылдардагы оң өзгөрүүлөргө токтолуп, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун жана мамлекеттик башкарууну модернизациялоо боюнча аракеттерди жогору баалашты.

Делегация мүчөлөрү конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин дагы бир жолу ырасташты. Мындан тышкары, билим берүү тармагындагы байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгү, анын ичинде студенттик алмашуу программаларын активдештирүү жана жаштардын кесиптик өсүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү баса белгиленди. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан ар дайым кызматташууга ачык экенин жана бул жолугушууну Европа Биримдиги менен туруктуу диалогду бекемдөөнүн маанилүү элементи катары караарын өзгөчө белгиледи.

 

Последние новости