www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караколдо “Мен чемпион” тоо лыжа мелдеши өттү

Каракол шаарындагы тоо лыжа базасында өспүрүмдөр арасында “Мен чемпион” аталышындагы республикалык кышкы спорттук оюндардын тоо лыжа боюнча мелдештери өткөрүлдү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке жалпы 110 спортчу катышып, 6 команда байге үчүн күч сынашты.

Командалар Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарынан, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунан келишти.

Үч күнгө созулган таймаштын жыйынтыгында жалпы командалык эсепте “Каракол №1” командасы эң жогорку упайды топтоп, 220 миң сом өлчөмүндөгү баш байгеге ээ болду.

Экинчи орунду Нарын шаарынын “Ала-Тоо” командасы ээлеп, 170 миң сомго татыды.

Үчүнчү орунду жеңген Ысык-Ата районунун командасы 110 миң сом утуп алды.

Төртүнчү орунду Каракол шаардык БӨСМи (50 миң сом), бешинчи орунду Тогуз-Торо командасы (50 миң сом) ээледи.

Мелдештин жалпы байге фонду 600 миң сомду түздү.

Белгилей кетсек, “Мен чемпион” оюндары балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүүгө жана кышкы спорт түрлөрүн жайылтууга багытталган.

Последние новости