www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-февралда, “Ала-Арча” жаратылыш паркында гондоль тибиндеги асма жолду ачты.

Алгач Мамлекет башчысына асма жолдун иштөө тартиби тааныштырылды.

Андан соң иш-чаранын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөгөн Президент Садыр Жапаров акыркы жылдары мамлекет тарабынан “Ала-Арча” жаратылыш паркынын инфраструктурасы толугу менен жаңыланып, туристтер үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Ал өлкөдөгү алгачкы асма жол инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган дагы бир долбоор экенине токтолду.

Узундугу 1 чакырымды түзгөн, саатына миңге жакын адамды тоонун чокусуна жеткире ала турган бул асма жол паркка келген жарандар жана чет өлкөлүк меймандар үчүн жаңы шарт, жаңы мүмкүнчүлүк.

Президент аталган асма жол дүйнөгө белгилүү австриялык “Doppelmayr” компаниясы тарабынан курулганын айтты. Учурда аталган компания Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан “Ала-Тоо резорт” ири тоо-лыжа комплексинде да асма жолдорду салып жатышат. Ал бул долбоорлор Кыргызстанда тоо туризмин системалуу, сапаттуу жана заман талабына ылайык өнүктүрүү жүрүп жаткандыгынын айкын далили экенин белгиледи.

“Биз бул асма жолду узартуунун экинчи этабы аркылуу жаратылыш паркын комплекстүү өнүктүрүүнү улантабыз. Экинчи этап көзөмөл-өткөрмө пунктунан башталып, жалпысы 12 чакырым аралыкты камтып, улуттук парктын эң кооз жана жетүүгө кыйын болгон аймактарына чейин барат”, - деди Мамлекет башчысы.

Ал бүгүнкү күндө “Ала-Арча” жаратылыш паркында бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатканын айтты. Асма жол менен катар, бул жерде бардык шарттары каралган заманбап коттедждер курулуп, пайдаланууга берилүүдө.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге, учурда заманбап родельбан курулуп жатканы тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, бассейни менен заманбап беш жылдыздуу мейманкананы пайдаланууга берүү да мерчемделүүдө.

Президент жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында “Ала-Арча” жаратылыш паркынын кирешеси олуттуу өскөнүнө токтолду. Эгерде 2020-жылы парктын кирешеси 29 млн сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 262 млн сомдон ашты. Бул — киреше дээрлик 9 эсеге өстү дегенди билдирет.

Ал акыркы жылдары бардык мекеме-уюмдар толугу менен санариптештирүүгө өткөрүлгөнүн эске салды. Бүгүнкү күндө ушул сыяктуу мамлекеттик мекемелерде накталай акча кабыл алынбайт, төлөмдөр электрондук форматта жүргүзүлөт. Бул чечимдер ачык-айкындуулукту камсыздап, адам факторун азайтып, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга бекем негиз түздү.

“Биздин максатыбыз — өлкөбүздүн туристтик потенциалын толук пайдалануу жана Кыргызстанды тоо туризми жаатында дүйнөгө таанытуу!”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал бул багытта Ала-Арчада, Ысык-Көлдө жана дегеле Кыргызстандын бардык аймактарында заманбап туристтик инфратүзүм түзүү боюнча иштер мындан ары да улантыларын кошумчалады.

Учурдан пайдаланып, Президент бул долбоорду ишке ашырууга салым кошкон бардык өнөктөштөргө, адистерге, куруучуларга ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле мамлекет ички жана тышкы инвесторлорго ар дайым ачык экенин айтты. Түрдүү тармактарды өнүктүрүүгө инвестиция салам деп келген ишкерлерге мамлекет тарабынан болушунча шарттар түзүлүүдө, мындан ары да инвесторлордун ишмердигине ыңгайлуу жагдайларды түзүү улантылат. Алардын ишине ыксыз текшерүүлөргө мораторий дагы киргизилди.

Президент учурдан пайдаланып күч түзүмдөрүнө кайрылды. “Мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ишкерлерди дайны жок эле кысымга албагыла, кокус кандайдыр бир кысым-басымдын четин угуп калсам, капа болбогула”, - деди ал.

Ал ошол эле учурда мамлекет ишеним артып, тиешелүү шарттарды түзүп берип жатканда ишкерлер дагы кыянаттык кылып, салыктарын жаап-жашырбай, ак иштейт деп ишеним артты.

Андан соң Президент “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында курулган мейманканалык инфратүзүмдүн объектилери менен таанышты.

Последние новости