www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде, Астана шаарында (Казакстан) Армения Республикасынын Президенти Ваагн Хачатурян менен жолугушту. 

Тараптар кыргыз-армян кызматташтыгынын абалын жана келечегин, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, БУУ жана башка эл аралык аянтчалардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө саясий диалогду тереңдетүүгө, соода-экономикалык алакаларды кеңейтүүгө, өндүрүштүк кооперацияны, транспорттук-логистикалык каттамдарды, ошондой эле маданий-гуманитардык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө эки тараптын тең умтулуусу ырасталды. 

Эки тараптуу күн тартибин практикалык жактан толтурууга, анын ичинде соода, инвестиция, транспорт, санариптештирүү жана туризм тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Президент Садыр Жапаров армян тарапты 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырды. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-армян мамилелерин достуктун, өз ара сыйлашуунун жана ишенимдин духунда мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.

 

Последние новости