www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады.

Маалыматка ылайык, 2000-жылы жеке ишкерге спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу үчүн пайдаланууга берилген жер тилкеси боюнча тиешелүү ижара келишими түзүлгөн эмес жана мыйзамда каралган төлөмдөр төлөнгөн эмес. Ошондой эле жер тилкеси максаттуу багыты бузулуп пайдаланылып, анда казино, ресторан жана мейманкана курулуп, эксплуатацияланып келген.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, мыйзам бузуу аракеттеринин кесепетинен жергиликтүү бюджетке 42 миллион сом өлчөмүндө өзгөчө ири зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду.

Учурда бардык жагдайларды аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости