www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусь президенти Александр Лукашенко кнопкалуу телефон колдонууга чакырды. Бул тууралуу ал Беларусь элдик жыйынында сүйлөп жатып айтканын чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Анын айтымында, акыркы кезде «акылдуу адамдар» кнопкалуу телефон колдонууга өткөнүнө бир топ убакыт болду.

«Мен iPhone 12, смартфон колдонбогула дебейм. Кудай үчүн чала бергиле. Эгер америкалыктар силердин ар бир мүнөттө кайда жүргөнүңөрдү байкап турушун кааласаңар анда колдоно бергиле. Менин айтканымды укпасаңар сатып ала бергиле», - деген Александр Лукашенко.

Ошону менен бирге «акылдуу адамдар» кнопкалуу телефон менен баарлашарын айтып өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости