www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда, Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы заманбап автовокзал комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Мамлекет башчысына 9 блоктон турган комплекстин долбоору көрсөтүлдү. Ага төмөнкүлөр кирет:
* айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана,
* кеңири күтүү залы,
* перрон,
* административдик имарат,
* коммерциялык жайлар,
* шаар аралык жана эл аралык автобустар үчүн унаа токтотуучу жайлар,
* жеңил жана башка унаалар үчүн өзүнчө токтотуучу жайлар.
Президент Садыр Жапаров объектти кыдырып чыгып, курулуштун жана колдонулуучу материалдардын сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын август айына чейин аяктоо күтүлүүдө.