www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинадагы жаңжал аяктап баратат. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин 9-майда өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Ал орус жана украин делегациялары 2022-жылы Стамбулда келишимге жетишкенин белгиледи. Бирок, андан кийин Франциянын президенти Эммануэль Макрон Путинге чалып, Украина мындай тарыхый документтерге кол коё албастыгын билдирди.
Макрон Орусия Киевден аскерлерин чыгарып кетиши керек деп билдирип, Москва буга макул болгон. Андан кийин Улуу Британиянын ошол кездеги премьер-министри Борис Джонсон Орусия менен келишимге кол коюуга болбойт, анткени ал адилетсиз болгон деп билдирген.
"Эгерде бул документтерге украин тараптын өкүлү макул болсо, анын адилеттүү же адилетсиз экенин ким аныктайт? Бул жерде эмне адилетсиз жана аны ким аныктайт? Алар (Украинага) жардам убада кылышып, андан кийин Орусия менен тирешүүнү күчөтө башташты, ал бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Менимче, бул аяктап баратат, бирок бул дагы эле олуттуу маселе", - деди президент.