www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аялдардын эл аралык күнү — 8-марттын алдында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга бериле турган “Бала ырысы” деп аталган жаңы ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулду киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Төлөмдөр 2026-жылдын 1-июлунан тартып бериле баштайт жана үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки ар бир балага берилет. Жөлөкпулдун көлөмү ай сайын 1200 сомду түзөт.
Президент бул чечим жарандардын көптөгөн кайрылууларына жооп катары кабыл алынганын жана баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөрдү колдоого багытталганын белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өзгөчө токтолду:
“Мамлекет башчысы катары мен мамлекеттик жөлөкпулдар системасына байланышкан көптөгөн арыз-даттануулар түшүп жатканын көрүп жатам. Көп учурда жөлөкпул алуу дээрлик өтө албай турган тоскоолдуктарга айланып кетет. Энелердин басымдуу бөлүгүнүн чыныгы муктаждыктары көбүнчө көңүл сыртында калууда. Үй-бүлөлөр мамлекеттен жардам сурап кайрылышат, бирок колдоо алуунун ордуна баш тартууларга жана бүтпөгөн бюрократиялык жол-жоболорго туш болушат.
Айрыкча эмчектеги ымыркайларга тийиштүү болгондо мындай жагдайлар таптакыр жол берилгис. Адамдын эң негизги дене тарбиялык жана акыл-эс жөндөмдөрү жашоосунун дал ушул алгачкы жылдарында калыптанат жана өмүр бою сакталып калат.
Ошондуктан бүгүнкү Жарлыгым менен Министрлер Кабинетине “Бала ырысы” аттуу жаңы жөлөкпулду киргизүү иштерин иштеп чыгууну тапшырдым. Биз билебиз: ар бир бала өзүнүн ырыскысы, бактысы жана берекеси менен төрөлөт.
Албетте, кээ бирөөлөр мында кыянаттык менен пайдалануу болушу мүмкүн деп айтар. Бирок мен чындап муктаж болгон бир дагы бала колдоосуз жана азык-түлүксүз калбашы үчүн мамлекет муктаж эместерге бир нече ашыкча жөлөкпул төлөгөнү жакшы деп эсептейм.
Мен бир да бала көңүл сыртында калбаган Кыргызстанды куруп жатам. Биз жасап жаткан иштердин баары балдарыбыз жана Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн. Башталган экономикалык өсүш жакынкы жылдары жакырчылыкты жоюп гана тим болбостон, ар бир кыргызстандыкка татыктуу жашоо шартын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенем”.
Жаңы социалдык колдоо чарасы балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээлин азайтууга жана баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөргө кепилденген жардам көрсөтүүгө багытталган. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үч жашка чейинки болжол менен 445 миңдей бала жашайт.