www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндөрү айрым эл аралык маалымат каражаттары курд күчтөрү Иранга каршы чабуул башташы мүмкүн деген маалыматтарды таратышты. Бирок Күрдистан аймагынын өкүлдөрү мындай билдирүүлөрдү четке кагып, ирактык курд жоокерлери Ирандын чек арасынан өткөн жок деп билдиришти.

Маалыматтарга караганда, АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (CIA) курд күчтөрүнө колдоо көрсөтүп, Иранда көтөрүлүш уюштурууга аракет кылып жатат деген божомолдор айтылган. Айрым булактар күрд топтору Ирандын коопсуздук күчтөрүнө каршы операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканын жазышкан. Бирок азырынча мындай чабуул тууралуу расмий чечим кабыл алынганы тастыкталган жок.

Күрддар – Жакынкы Чыгышта жашаган иран тилдүү эл. Алардын өз алдынча мамлекети жок жана калкы негизинен Түркия, Иран, Ирак жана Сирия аймактарында жашайт. Жалпы саны болжол менен 38-46 миллион адам деп бааланат. Курддардын эң чоң бөлүгү Түркияда, андан кийин Иран жана Иракта жашайт. Иракта болсо курддардын расмий автономиялык аймагы бар.

Тарыхый жактан курддар өз мамлекетин түзүүгө аракет кылып келген. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн Севр келишиминде Күрдистан мамлекетин түзүү каралган, бирок кийин Лозанна келишиминде бул маселе алынып салынган. Натыйжада күрддардын жашаган аймактары бир нече мамлекетке бөлүнүп калган.

Иранда күрд калкы өлкөнүн батыш жана түндүк-батыш аймактарында жашайт. Айрым күрд саясий кыймылдары Тегерандын саясатына оппозициялык көз карашта болуп, өз алдынчалык же кеңири автономия талаптарын айтып келишет. Ошондой эле күрд куралдуу топтору мурда Ирактагы согушта жана “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы операцияларда АКШ менен кызматташкан.

Адистердин пикиринде, эгер күрд күчтөрү Иранга каршы куралдуу аракетке барса, бул аймактагы кырдаалды дагы да татаалдаштырышы мүмкүн. Мындай жагдай Иран ичиндеги этникалык жана саясий чыңалууну күчөтүп, Жакынкы Чыгыштагы геосаясий тең салмактуулукка таасир этери айтылууда.

Последние новости