www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Франция Республикасынын Европа жана тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Франция ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана мындан ары карай өз-ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасында Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрттүн кесепеттери тууралуу маалыматты өкүнүү менен кабыл алышты жана француз элине терең кайгыруу менен көңүл айты.

Премьер-министр саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-француз кызматташтыгынын ырааттуу өнүгүүсүн баса белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн гидроэнергетика жана туристтик тармагындагы чоң мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен аталган тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруудагы өз-ара аракеттешүүнү активдештирүү зарылдыгына токтолуп, экономикалык тармактагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан өз кезегинде маалымдагандай, Кыргыз Республикасына келген француз делегациясынын курамында инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн иликтөө үчүн бизнес өкүлдөрү да бар.

Ал белгилегендей, Франция Республикасы туризмди өнүктүрүү, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, инновация жана санариптештирүүнү киргизүү жаатында тажрыйба алмашууга даяр.  Жан-Батист Лемуан кошумчалагандай, француз тарап Кыргызстан бийлигинин парламентаризди өнүктүрүү жана демократияны чыңдоо бооюнча аракетин колдоого алат.

Мындан тышкары, жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Франция Республикасына карай сапарына даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости