www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияга каршы жүргүзүлгөн чаралардан улам бюджетке түшкөн акча каражатына мектеп, бала-бакчалар салынып жатканын Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештеги 2019-2020-жылдын бюжети боюнча берген маалыматында билдирди.

Мындан сырткары,  “Коопсуз шаар” долбоорунан түшө турган акча каражаттарынын болжолдуу суммасы кыскарган. Себеби, жол эрежесин бузгандар аз болуп, 2019-жылга пландалган 1,5 миллиард сом бюджетке топтолбой калган. 

 “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруунун натыйжасында,  Бишкек менен Чүй облусунун жолдорунда авариялардын саны эки эсе азайды. Быйыл бюджетке айып пулдан 1,5 миллиард сом түшөт деп бекитилген. Бирок андай болгон жок. Жарандарыбыз биз ойлогондой эреже бузуучулардан эмес экен. Белгилей кетчү нерсе, биздин максат айып пулдардан акча чогултуу эмес”, -дейт ал.

Буга кошумча, долбоордун ишке кириши коомдук кырдаалды көзөмөлдөөгө жана кылмыш иштеринин бетин ыкчам ачууга шарт түзүлгөнүн баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости