www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польша аскердик учактарын абага көтөрдү

Польша Украинадагы кырдаалдын фонунда нөөмөттөгү аскердик учактарын абага көтөрдү. Бул тууралуу Польшанын Куралдуу күчтөрүнүн Ыкчам командачылыгы X социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Билдирүүдө өлкөнүн аба мейкиндигинде аскердик авиация иштей баштаганы айтылат. Ошондой эле жердеги абадан коргонуу каражаттары жана радиолокациялык чалгындоо күчтөрү жогорку даярдыкка келтирилген.

3-сентябрда Польшанын чыгыш бөлүгүндө 10-сентябрдан 9-декабрга чейин аба кыймылына убактылуу чектөө киргизилери кабарланган.

Буга чейин Польшанын улуттук коргоо министринин орун басары Цезарий Томчик өлкө согушка даярданып жатканын, бирок согуш башталбайт деп үмүттөнөрүн билдирген. Анын айтымында, Польша «өзүнүн күчүн түшүнүшү», Украинага жардам бериши жана Орусияны «өзүнөн алыс кармашы» керек.

Последние новости