www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Ош шаарында баңгизаттарды жана мыйзамсыз жүгүртүүгө тыюу салынган психотроптук препараттарды ташып келүү жана сатуу менен алектенген трансчек аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Атайын операциянын жүрүшүндө 4-сентябрда психотроптук заттардын ири партиясын сатуу учурунда С.у.Н. жана И.М.Х. аттуу эки адам кылмыш үстүндө кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») менен кылмыш иши козголду.
Учурда УКМК кылмыштуу схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө иштерин улантууда.