www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын Башкы прокурору Руслан Кравченко кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын 7-сентябрда билдирди.
«Бул саясий чечим. Мен аны аң-сезимдүү түрдө кабыл алдым. Башкы прокурордун кызмат орду саясий тирешүүнүн куралы катары колдонулушун каалабайм. Айыптоо боюнча менин позициям өзгөрүүсүз бойдон калат», — деп жазган ал Telegram-каналындагы билдирүүсүндө.
Кравченко өз милдетин ак ниет аткарып жаткан кесиптештерине ыраазычылык билдирип, алардын эмгеги бааланбай калбашы керектигин белгиледи.
Ошондой эле Башкы прокурор Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жана Жогорку Радага «ишеним көрсөткөнү үчүн» ыраазычылык билдирип, кызматтан бошотуу боюнча арызын кабыл алууну өтүндү.
Эске салсак, 4-сентябрда Украинанын Башкы прокурору Руслан Кравченконун, анын орун басары Мария Вдовиченконун жана Одесса облусунун администрациясынын башчысы Олег Кипердин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөн.