www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Украина менен Орусиянын сүйлөшүүлөрүн Казакстанда өткөрүү сунушуна комментарий берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-сентябрда РБК радиосунда билдирди.

Песковдун айтымында, Украинанын президенти буга чейин көптөгөн варианттарды сунуштаган, бирок алар Орусия үчүн “такыр кабыл алынгыс” өлкөлөр болгон. Маселен, Швейцария менен Австрия аталды, бирок Песков аларды “де-факто бейтарап эмес” деп атады.

Ошол эле учурда ал Орусиянын президенти Владимир Путин Зеленский менен ушул жылдын сентябрынын башында Москвада жолугушууну сунуштаганын эске салды. Ал кезде Путин Орусиянын борборун «эң жакшы жер» деп атап, Украинага коопсуздук жана бардык шарттар кепилдикке алынганын айткан.

Бирок Зеленский Москвада анын вариантын кескин түрдө четке кагып, согуш жүрүп жаткан учурда бул таптакыр кабыл алынгыс экенин айтты. 

АКШ президенти Дональд Трамп дагы Путин менен Зеленскийди жолугушууга чакырып, ага катыша аларын билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нью-Йоркто жолугушкан. Жолугушууда эки лидер экономикалык жана гуманитардык тармактагы кызматташууну талкуулашып, Владимир Зеленский Украинадагы кырдаал боюнча пикирин билдирген.

Кийинчерээк Зеленский Fox News телеканалына берген маегинде Орусия менен мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдүн орду боюнча пикирин билдирип, Казакстанда жолугушууга даяр экенин айткан. Журналисттин суроосуна жооп берип жатып, ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга макул экенин тастыктады. Ошол эле учурда украин лидери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Москвага бара албасын, бирок башка варианттарга макул экенин баса белгиледи.

Шехроз Жалгашев, Ташкен

Последние новости