www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-августта Бишкек шаарынын Орок айылында "Евразия" оюн-зоок паркынын ачылыш аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага мамлекет башчы Садыр Жапаров, РФнын мамлекеттик думасынын депутаты, "Евразия" фондунун төрайымы Алёна Аршинова, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев катышты.

Аталган парк акысыз болоорун жана 1-сентябрдан баштап бардык балдар үчүн эшиги ачыларын "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун "Евразия Кыргызстан" регионалдык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова билдирди.

"Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыккан. Тиркемени телефонго көчүрүп алып, онлайн кезекке туруп, QR код аркылуу каалаган аттракционго түшүүгө болот", - деди Урумкулова.

Парк күн сайын саат 10:00дөн 22:00гө чейин иштеп, кирүү убакыттары үч бөлүккө бөлүнгөн:

- 10:00дөн 14:00гө чейин,

- 14:00дөн 18:00гө чейин,

- 18:00дөн 22:00гө чейин.

Урумкулованын айтымында, аталган мобилдик тиркемеде кошумча жаңылыктар бөлүмү бар, анда жакынкы иш-чаралар тууралуу маалымат жарыяланып турат. Ошондой эле атайын карта аркылуу ар бир аттракциондун жайгашкан жерин көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, аталган парк Россия менен Кыргызстандын элдеринин достугунун белгиси катары жана ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата "Евразия" фондунун жеке каражатына курулуп, Кыргыз Республикасына тартууланды.

Жаңы парк 10 гектарга жакын аянтты ээлейт. Келгендер үчүн 30га жакын аттракцион, спорттук аянтчалар, фудкорт жана соода түйүндөрү жеткиликтүү. 

Последние новости