www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Белужистанды бошотуу
армиясы» кыймылынын согушкерлери Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясында «Jaffar Express» поездинин 400гө жакын жүргүнчүсүн барымтага алды. Бул тууралуу «Reuters» полицияга жана темир жол операторунун өкүлдөрүнө таянып билдирди. «CNN» басылмасы болсо, 450 жүргүнчү тууралуу кабарлады.
Поезд алдын ала аткылоого кабылып, анын машинисти жарадар болгон. Согушкерлер барымтадагылардын арасында коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери бар деп ырастоодо. Куралчан топ аларды бошотуу боюнча операция баштала турган болсо, барымтадагылар өлтүрүлө тургандыгын билдирген.
«CNN» каза болгондордун саны 10го жеткенин билдирсе, «AFP» агенттиги топ темир жол каттамын жардырганын айтты.
Шейшемби күнү кечке жуук 104 барымтадагы адам коопсуздук күчтөрү тарабынан бошотулган.
Бошотулгандардын арасында 58 эркек, 31 аял жана 15 бала бар. Жарадар болгон жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилсе, калган барымтадагыларды куткаруу иштери дагы деле уланууда.
Маалыматка ылайык, 16 согушкер жок кылынган.
Белужистан — Пакистандын эң ири жана эң жакыр провинцияларынын бири. Провинцияда ондогон жылдан бери жикчил топтор иш алып барууда. «Белужистанды бошотуу армиясы» 2000-жылы түзүлгөн. Уюштурулган кол салуулар үчүн анын мүчөлөрү Пакистанда, АКШда, Улуу Британияда, Евробиримдикте жана КЭРде террордук уюм деп таанылган.