www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурда маалымдаганыбыздай, 2026-жылдын 9-март күнү Ош шаарындагы “Юниум” аталышындагы жеке мектебинин мугалими арыз менен кайрылып анда аны 1 класстын окуучусунун апасы аны ургандыгын билдирген.
Ошол эле күнү окуучу баланын апасы дагы мугалимдин үстүнөн арыз жазган.
Тараптардын арызы 2026-жылдын 9-мартында Ош ШИИБдин АК-Буура милиция бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Тергөө кызматынын жүрүшүндө аталган мектептин айланасындагы, имараттын ичиндеги орнотулган видеокөзөмөл камераларындагы видеожазуулар алынган. Мектеп окуучусунун мугалимге карата жасаган кыймыл-аракети коомчулукка жарыяланган видеоматериал аркылуу коомчулукка маалым болгон.
Тергөө ишинин жүрүшүндө аталган мектептин мугалиминин дагы мектептеги видеокөзөмөл камераларына түшүп калган видеотасмалар дагы көрүлгөн. Анда мектеп мугалими тарабынан өзүнө жүктөлгөн милдеттерин так аткарбай окуучуларга ырайымсыз мамиле жасагандыгы, педагогикалык принциптердин негизинде тарбия берүү талаптарын бузуп, өз милдеттеринен аша чапкан учурлары аныкталган. Тергөө кызматы бул окуяга жаш баланын катыштыгы бар экендигин эске алып, ал видеону коомчулукка жарыялоодон карманууда. Ал видеону жарыялоо-бул балдардын укуктарын бузуу же зомбулукту жайылтуу катары бааланышы мүмкүн.
Бул факты боюнча толук кандуу тергөө аракеттерин жүргүзүү максатында мугалимдин үстүнөн Кыргыз Республикасынын КЖКнын 187-бер. (Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) каралган кылмыштын белгилери байкалгандыктан кылмыш иш козголгон.
Ошол эле мезгилде аталган факты боюнча алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы менен окуучунун энесинин аракетинде Кыргыз Республикасынын КЖКнын 280-бер. 1-бөл. (Бейбаштык) каралган кылмыштын белгилери байкалгандыгына байланыштуу кылмыш иши козголду.
Азыркы учурда бул факты боюнча, кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө, жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын ЖПКнин талаптарына ылайык чечим кабыл алып, кошумча маалымдайбыз.