www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги Осунбек Жамансариев менен коомчулуктун көңүл борборундагы айрым жагдайлар боюнча баарлаштык.

-Осунбек мырза, добуш саткандарды жоопко тарта турган мыйзам күчүнө кирди. Эми бийликтин партиясына  чыныгы атаандаш болгон партиянын баарын добуш сатып алганы жатат деген шылтоо менен шайлоодон четтетүү аракети күч алып кетпейби?

-Биринчиден аталган мыйзам ошондой мыйзамсыз-добуш сатып алуу болбош үчүн иштелип чыкты. Шайлоого катышкан партиялардын баардыгы бири-бирин көзөмөлдөгөнгө аракет кылышат. Мындайча айтканда, ушул мыйзам иштеп кетсе жаман эмес... Так айтсак, добуш сатып алган фактылар айкын болсо, мыйзам чегинде каралып жыйынтык чыгуусу керек. Негизгиси мыйзам баарына бирдей иштөөсү зарыл.

-БШКнын аракеттери, партиялардын каражатына көзөмөлдү күчөткөн жоболору таза шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөбү?

-БШКнын  финансалык каражаттарды көзөмөмөлдөө жоболору да  шайлоону таза өткөрүүгө жасалган көп аракеттин бири. Бирок, эң негизгиси административдик күчтү колдонуу токтобой келүүдө... Өкүнүчтүүсү,  30 жылдан бери, таза шайлоо өткөзөбүз деген аракет, куру сөз жана формалдуу таризде калып келүүдө.  Кээ бир өлкөлөрдө , электрондук "Блокчейн" технологиясы менен электрондук шайлоо өткөрүүнү ишке ашыра башташты. Биз дагы ушул системага өтсөк  жакшы болмок. Айтайын дегеним, мамлекетибиз кичинекей болгондуктан, баасы арзан эле болмок. Ошондой эле фальсификация жасоого да мүмкүн  болбой, шайлоочулар пандемия учурунда шайлоо участкасына барбай үйдөн добуш берип коюшмак. Аны ишке ашырууга айтишник жарандарыбыз деле жетиштүү. Бийлик гана саясий эркин  көрсөтүп,  мыйзам кабыл алып  электрондук шайлоо өткөрсө деле болмок.

-Шайлоодо пандемияда элге жардам бергендердин жакшылыгын добуш берүүдө эске алынышы керекпи?

-Пандемия учурунда кол кабыш  кылган марттар алар менен кошо шайлоого катыша турган чиновниктерге басым коюу туура эмес. Азыр өлкөбүздө апаат болуп жаткан учурда берилген жардамдар, иш аракеттер, сый урмат менен баалануусу керек. Анткени ден-соолук жана ар бир адамдын өмүрү баардык нерседен кымбат жана жогору турат.

-Саламаттыкты сактоо министри өз эрки менен кызматтан кетти деп сүйүнүшүбүз  керекпи же миңдеген  адамдардын өмүрүн сактай алган жок деп жоопкерчиликке тартыш керек деп маселе көтөргөнүбүз туурабы?

-"Ковид 19" вирусунан жалгыз биздин мамлекет эле жабыркаган жок, бизден экономикалары жогору турган мамлекеттер деле жабыркады.  Саламаттыкты сактоо министирлиги, өкмөт жок дегенде COVID-19 жөнүндө башка мамлекеттерден кандай дарылануу керектигин алып,  телерадио, ЖМК аркылуу элге  маалымат бергенде, мынчалык өлүм болмок эмес. Мисалга алсак, Гүлсана Бапаева деген врач күйүп-бышып, өз алдынча интернет  аркылуу  маалымат берип, элдин батасын алды...Ошондуктан, Саламаттыкты сактоо министиринин жоопкерчилиги тууралу объективдүү каралышы керек. Деги эле кадр маселеси,  партиялаш, өз киши деген принциптен кетип,   кызматка иш билги,  жоопкерчиликтүү  адамдарды тандоого өтүшү керек. COVID-19 вирусу боюнча тааныштар жана көптөгөн адамдардан сураштырсам, вирус менен ооруп айыгышканын айтышат. Биз үй-бүлөөбүз менен ооруп сакайдык.  Менимче,  Бишкек 90% ооруп чыгышты. Таң калганым эмнеге “2-толкун , 3-толкун болот”, деп  элди  психоз кылышып жатышат. ..

- Акыркы мезгилде бийликти сындагандардын көпчүлүгүнө эле бийликти күч менен басып алууга аракет жасады деген таризде кылмыш ишин козгоп  жатышат. Бул берене абалды татаалдаштырып жибербейби?

-Бийлик, ар бир айтылган сынды адекваттуу кабыл алганы оң. Негизи, сын айтылган учурда, ошол мүчүлүштүктөр менен иштеп оңдоо керек. Ал эми, бөрк ал десе баш алуу, бул негизги көйгөйдү чечеби ? Чечпейт. Бирок,  коомдук желе аркылуу пикир айткан адамга иш козгоодо, соттук- лингвистикалык экспертизанын корутундусунун негизинде кылмыш иш козголууда, демек айтылган пикирдин мааниси бүдөмүк, ал эми эл аны так түшүнүүсү керек. Мындай учурда, эл өз кабыл алуусу боюнча түшүнүп,  “бийликте акыйкаттык жок, жөн эле кылмыш ишин козгоп жатат”, деп кыжырдануусу толук мүмкүн.                                                                                                                                       

Ошол эле учурда,  боло турган шайлоого карата,  кээ бир убакта өздөрүн пиар кылуу аракети менен ашыкча каралоо көрүп жатабыз. Себеби, жалпы дүйнө-жүзүндө апаат болууда, бир нече айдан бери элде жумуш жок,  ачка. Коронавирус канча деген адамдын өмүрүн алып кетти. Элибиздин бир аз бөлүгү психоз болушууда . Мындай  коомдук-саясий татаал кырдаалда, соцтармактар аркылуу сөз айтууда этият болбосо,  мамлекетти толук  башаламандыкка алып келиши  мүмкүн.

Ошондой эле, бийлик,  күч органдары, административдик  жазалар менен чектелип,  түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзамдын талаптарын туура колдонуп, жарандардын мамлекетке болгон ишенимин жогорулатуу боюнча иш алып баруусу, өз үзүрүн берет деп ишенем.

-Азимжан Аскаровдун туугандары анын сөөгүн Өзбекстага койгонго аракет кылып жер сурап  жатышат. Алар кооптонгудай кыргыздар анын көрүн казып салышы мүмкүнбү?

-Азимжан Аскаров, улуту ким болсо да Кыргызстандын жараны, Ош окуясында канча деген эр азаматтар каза болду.  Ош окуясы, Ош шаарындагы бир ресторандан өзбек улутундагы адамдар  кыргыз улутундагы адамдарды уруп, сабоо өлтүрүүдөн башталган. Ошондон улам, эки тараптан тең 100 дөгөн бей күнөө адамдар курман болушту. Мындай учурда күнөөлү адамдар жаза тартышпаса болбойт. Эми Азимжан Аскаровдун жаткан жери жайлуу болсун! Албетте, кай жака жерге берүүнү туугандары чечет. Кыргызстанда өзү туулуп өскөн жерине көмүлсө, туура эле болот. Өтүп кеткен  адамга, эч ким каршы чыкпайт деп ойлойм.  Кыргыз-өзбек бир тууган эл акырындык менен баардык жаман нерселер унутулат. Буйруса, эки эл ынтымакта эле жашайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости