www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштун мурдагы биринчи вице-мэри кармалды

Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри коррупцияга айыпталып, камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 8-сентябрында Ош шаарынын биринчи вице-мэри И.М.А. 55 гектардан ашык айыл чарба жерлерин өндүрүштүк категорияга мыйзамсыз которуу боюнча токтомдорго кол койгон. Алардын негизинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу бөлүмү тарабынан “К.Т.” ЖЧКсынын пайдасына мамлекеттик актылар берилген. 

Жүргүзүлгөн бир катар ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2025-жылдын 21-августунда Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри И.М.А. КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен айыпталган.

Ош шаардык соту И.М.А.га карата 2025-жылдын 31-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандады.

 

Последние новости