www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда күйүүчү май жетиштүү - министрлик

Энергетика министрлиги Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы жетиштүү экенин 3-сентябрда билдирди. Анда Орусиянын майды экспорттоого киргизген чектөөсүнүн мөөнөтүн узартканы Кыргызстанга тиешелүү эмес экени белгиленген.

“Кыргызстанда күйүүчү майдын жылдык керектөөсү орточо 1,6 млн тоннаны түзөт. Анын 93 пайызы Орусия Федерациясынан импорттолот. 2025-жылга карата сүйлөшүлгөн көлөм толук аткарылып бүтө элек. Алдыдагы айларда мунай продуктуларынын жеткирүүсү улантылат. Ошол эле учурда 2026-жылга карата жаңы көлөмдөрдү макулдашуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Быйыл жай айларынан тарта майдын баасынын кымбатташы дүйнөлүк мунай баасынын жогорулашы жана Орусиядагы айрым заводдордогу оңдоо иштерине байланыштуу экени жазылган.

Энергетика министрлиги ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз күйүүчү май менен камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүп жатканын белгилеген.

Последние новости