www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 2-июлунда Ош шаарындагы Сулайман-Тоо муниципалдык аймагында жайгашкан «Тешик-Таш» мөмө-жемиш базарында азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу мониторинг жүргүзүлдү.
Иш-чарага Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын инспекторлору, муниципалдык инспекциянын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Мониторинг учурунда базарда 4 мөмө-жемиш сатуучу жана 1 сүт азыктарын саткан соода түйүнү иш алып барып жатканы аныкталды.
Инспекторлор соодагерлерге продукцияны сатыкка чыгаруунун алдында сөзсүз түрдө ветеринардык-санитардык лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү зарылдыгын эскертишти.
Өзгөчө мөмө-жемиштердеги нитрат калдыктарын текшерүү милдеттүү экени белгиленди.
Ошондой эле сүт азыктарын саткан соода түйүнүнүн ээсине продукцияны бруцеллёз оорусуна каршы үзгүлтүксүз лабораториялык текшерүүдөн өткөрүп туруу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындай мониторингдик иш-чаралар калктын ден соолугун коргоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында туруктуу негизде улантылары белгиленди.
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы өлкө аймактарында азык-түлүк коопсуздугу боюнча көзөмөл жана түшүндүрүү иштерин системалуу түрдө улантат.