www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн камсыз кылуу максатында «Нелегал» аталышындагы атайын профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын алкагында Ош ШИИБдин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Кожобек Козубаев жана экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы, милициянын полковниги Нургазы Калматов жетектеген кызматкерлер чет өлкөлүк жарандар иштеген мекемелерде болуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ошондой эле «Шанхай-Сити» мейманканасында жашаган жана курулуш тармагында эмгектенген чет өлкөлүк жарандар менен жолугушуу уюштурулуп, алардын укук-милдеттери, өлкөдө мыйзамдуу жүрүү жана эмгектенүү тартиби тууралуу маалымат берилди.
Мындан сырткары, чет өлкөлүк жарандарды жумушка тарткан ишкерлерге миграциялык мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү. Ош ШИИБдин маалыматына ылайык, мындай профилактикалык иш-чаралар мындан ары да улантылат.