www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-15-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Ош шаары жана Ош облусуна болгон жумушчу иш сапарынын алкагында мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлөт.
Бул иш-чараларга байланыштуу Ички иштер органдарынын түштүк гарнизонунун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Ошондой эле ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов жумушчу жыйын өткөрүп, анын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыз кылууга, коомдук тартипти сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугуна негизги көңүл бурулду.
Иш-чаралар өтүүчү аймактарда жана расмий делегациянын жүрүү маршруттарында жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан жол тыгындарын алдын алуу жана транспорт агымын жөнгө салуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иштер органдарынын 3500дөн ашык кызматкери, ошондой эле Ички аскерлердин аскер кызматчылары тартылат.
Урматтуу жарандар!
Киргизилип жаткан убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин талаптарын сактоону жана мүмкүн болушунча жүрүүнүн маршруттарын алдын ала мерчемдөөнү суранабыз.